ТРТнын 23-апрель балдар майрамы...

Борбордогу Улуттук бакча сейил багында өткөрүлгөн иш-чарага 29 өлкөдөн келген балдар Анкарадагы балдар менен жолугушту.

2130639
ТРТнын 23-апрель балдар майрамы...
trt 23 nisan cocuk senligi4.jpg
trt 23 nisan cocuk senligi3.jpg
trt 23 nisan cocuk senligi2.jpg
trt 23 nisan cocuk senligi1.jpg
trt 23 nisan cocuk senligi.jpg

ТРТнын 46-Эл аралык 23-апрель балдар фестивалы үчүн дүйнөнүн төрт тарабынан Түркияга келген балдар өз өлкөсүнүн жергиликтүү бий көрсөтүүлөрүн көрсөтүштү.

Борбордогу Улуттук бакча сейил багында өткөрүлгөн иш-чарага 29 өлкөдөн келген балдар Анкарадагы балдар менен жолугушту.

Иш-чара конок өлкөлөрдүн желектери, түрк желектери жана Улуу жол башчы Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн портретин көтөргөн балдардын кортеж жүрүшү менен башталды.

Жергиликтүү бий көрсөтүүлөрдү аткарган балдар аянттагы көрүүчүлөрүнүн чоң алкышына ээ болушту.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы 1979-жылдан бери бул майрамды ТРТнын Эл аралык Балдар фестивалы деген ат менен анын рухуна ылайыктуу түрдө өткөрүүгө аракет кылып жатышканын айтты.

Бул мезгилде дүйнө балдарынын арасында сүйүү, тынчтык жана достукту өнүктүрүү үчүн чоң аракет кылгандарын түшүндүргөн Собажы: «Ошол эле учурда биздин фестиваль Түркияны таанытууга чоң салым кошууда. Андан да маанилүүсү түрк маданиятынын жана меймандостугунун дүйнө жүзүндөгү балдардын аң-сезиминде жана жүрөгүндө калыптанышына ортомчулук кылууда. 45 балдар фестивалын уюштурдук. 45 жылдын ичинде бул фестивалдарга 125 өлкөдөн 30 миңден ашык бала, лидер жана басма сөз өкүлдөрү катышты. Быйыл 46-жолу уюштуруп жаткан фестивалыбыздын ураанын «Дүйнө балдары, тынчтык үчүн кол кармашып» деп аныктадык», - деди.

Собажы бул фестивалга 29 өлкөдөн 500 баланын мейман болгондугуна көңүл буруп, Палестинаны чакыруу бул фестивалды дагы да маңыздуу кылганын белгилеп: «Айрыкча анын ураанын эске алганда Палестинаны ардактуу конок катары чакыруу биз үчүн абдан маанилүү. Негизи бул майрамдын кубанычын дүйнөнүн ар бир баласы күн сайын сезиши керек. Бирок, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, учурда Палестинада кырдаал андай эмес»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар