Стамбул аэропорту мыктылардын катарында

"Дүйнө аэропорттору сыйлыгы 2024" жеңүүчүлөрүн тапты.

2129598
Стамбул аэропорту мыктылардын катарында

Стамбул аэропорту эң мыкты 10 аэропорттун бири болуп тандалды.

Skytrax авиациялык рейтинг агенттиги тарабынан уюштурулган "Дүйнө аэропорттору сыйлыгы 2024" жеңүүчүлөрүн тапты.

«Дүйнөдөгү эң мыкты аэропорттордун бири» катары тандалган Стамбул аэропорту «Дүйнөнүн эң мыкты аэропорту тамак-аш кызматы» жана «Түштүк Европанын эң мыкты аэропорту» сыйлыктарына да татыктуу деп табылды.

Аэропорттун оператору İGAнын социалдык медиа аккаунтунда бөлүшүлгөн билдирүүдө: «İGA Стамбул аэропорту катары Skytrax 2024 Дүйнө аэропорттору сыйлыгында алдыңкы катарда турабыз. "Дүйнөнүн эң мыкты аэропорту тамак-аш кызматтары, Түштүк Европанын эң мыкты аэропорту" долбоорлорубуз менен инвестиция салып бүгүнкү күндүн гана эмес келечектин да дүйнөлүк глобалдык жолугушуу борбору катары ишибизди улантабыз. Ушул ийгиликтүү сапарда бизди коштогон конокторубузга жана бардык кесиптештерибизге ыраазычылык билдиребиз»,-деген сөздөр камтылды.  



Тектеш кабарлар