Кыргыз эл коому тарабынан Анкарадагы мекендештерге ифтар программасы уюштурулду

Ооз ачарга катышкан мекендештер Кыргыз эл коомуна ыраазычылык билдиришти.

2124861
Кыргыз эл коому тарабынан Анкарадагы мекендештерге ифтар программасы уюштурулду
Kırgızistan iftar 2.jpg
Kırgızistan iftar 3.jpg
Kırgızistan iftar 4.jpg
Kırgızistan iftar 5.jpg
Kırgızistan iftar 6.jpg

3-апрелде Кыргыз эл коому тарабынан Анкарадагы мекендештерге ифтар программасы уюштурулду.

Ооз ачарга Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Канат Мамбеталиев, Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова жана башка чакырылгандар менен студенттер катышты.

Ооз ачардын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн элчи Казакбаев ыйык Рамазан айындагы тилектердин кабыл болуусун айтып, ооз ачуу тамагына чакырган Тимур Такабаевге ыраазычылыгын билдирди жана студенттерге окууларында ийгиликтерди каалап, бардык жарандарга ден-соолук, аманчылык тиледи.

ТҮРКСОЙдогу өкүл Мамбеталиев өз сөзүндө башкы катчы Султан Раевдин салам дубайын айтып, бардык жарандарга жакшылыктарды, өлкөдө жыргалчылыкты каалады.

Профессор Гүлзура Жумакунова болсо ыйык Рамазандын ар бир үй-бүлөгө жакшылыктарды, бакубатчылыкты алып келишин каалап, жалпы кыргыз мекендештердин ынтымагы бекемдей беришин тиледи.

Стамбулдан келген конок Садыр мырза дагы жалпы мекендештерди келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктап, чакыргандыгы үчүн Тимур Такабаевге ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле ооз ачарга аспаптарын көтөрө келишкен студенттер комуз, гитар менен ырдашып, жарамазан айтып отургандардын жарпын жазышты.



Тектеш кабарлар