Түркия Беларустагы китеп жарманкесине катышты

Минсктеги китеп жарманкесин 17-мартка чейин кыдырууга болот.

2115929
Түркия Беларустагы китеп жарманкесине катышты

Түркия Беларуста уюштурулган 31-Минск эл аралык китеп жарманкесине катышты.

Борбор шаар Минсктеги BelExpo көргөзмө борборунда ачылган жарманкеде Түркиянын Минск элчилиги стенд курду.

Түркиянын тарыхы, археологиясы жана маданий мурастары, табигый кооздуктары жана түрк адабиятынан эмгектер көргөзмөгө коюлган стендди жарманкенин биринчи күнүндө миңдеген белорус китеп сүйүүчүлөрү кыдырды.

Түрк тилин үйрөнгөн беларусиялык студенттер Түркиянын стендине өзгөчө кызыгуу көрсөтүштү.

Беларустун маалымат министри Владимир Перцов менен Беларус президентинин администрация башчысынын биринчи орун басары Максим Рыженков да түрк стендин кыдыргандардын арасында болду.

Түркиянын Минсктеги элчиси Жем Ышык, Перцов менен Рыженковго стенд тууралуу маалымат берди.

Жарманкеде түрк стендинин орун алуусуна Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Маданият жана туризм министрлиги, Улуттук билим берүү министрлиги жана Дин иштери боюнча төрагалыгы да салым кошту.

Биринчиси 1994-жылы өткөрүлгөн Беларустагы жарманкеге Түркия 2019-жылы 4 чарчы метр аянт менен катыша баштап, кийинки жылдары аянттын көлөмү 12 чарчы метрге чейин жогорулаган.

Минсктеги китеп жарманкесин 17-мартка чейин кыдырууга болот.



Тектеш кабарлар