Туристтик поезддерге эки маршрут дагы кошулду

Туристтик Чыгыш экспрессинин сапары бул сезондо тарыхый Анкара стенциясынан  11 -  декабрда башталып 10 -  мартта Карстан чыккан поезд менен аяктады.

2115452
Туристтик поезддерге эки маршрут дагы кошулду
dogu ekspresi.jpg
dogu ekspresi.jpg
Turistik doğu ekspresi.jpg
Doğu Ekspresi.jpg

Анадолуну поезд менен кыдырууну каалагандар үчүн тизмеге эки марш руттун дагы кошулду. 

Туристтик Чыгыш экспрессинин сапары бул сезондо тарыхый Анкара стенциясынан  11 -  декабрда башталып 10 -  мартта Карстан чыккан поезд менен аяктады. 

Бул каттамдарда  11 миң  611 жүргүнчү саякаттады. 

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу туристтик поезд кызматтарына байланыштуу дагы бир жакшы кабарды берди.

Уралоглу туристтик поезд кызматтарына чоң кызыгуунун бар экенин айтып : "Саякатчыларга эки жаңы маршрутту сунуштайбыз. Анкара - Диярбакыр - Анкара туристтик поезди Анкара менен Диярбакырдын ортосунда, Анкара - Татван - Анкара туристтик поезди Анкара менен Татван ортосунда иштей баштайт",- деди.

 

Туристтик поезддер 9 уктоочу  жана тамактануучу вагондору менен ыңгайлуу саякаттоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Поезд каттамындагы тыныгуу учурунда жаратылыш, тарыхый жана маданий баалуулуктарды көрүүгө болот.

Анкара - Диярбакыр - Анкара туристтик поезди борбор шаардан  19 - апрелде Түркия убактысы боюнча саат 15.55те, Диярбакырдан 21 - апрелде Түркия убактысы боюнча саат 12.00дө жөнөйт.

Анкара - Татван - Анкара туристтик поезди Анкарадан 17 - апрелде саат 15.55те, Татвандан 19 - апрелде саат 06.35те жолго чыгат.

Поезддер июнь айына чейин белгилүү күндөрдө өз ара катташып, айрым борборлордо токтойт. Бул поезддерге билеттерди сатуу бул аптада башталды.

 



Тектеш кабарлар