ТҮРКСОЙдо Барпы Алыкуловду эскерүү иш-чарасы өттү

Эл аралык Түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) тарабынан «Кыргыз элинин улуу акыны жана төкмөсү Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы» Анкарадагы ТҮРКСОЙдун кызматтык имаратында өттү.

2108354
ТҮРКСОЙдо Барпы Алыкуловду эскерүү иш-чарасы өттү

ТҮРКСОЙдо кыргыз элинин улуу төкмө акыны жана ойчулу Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү.

Эл аралык Түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) тарабынан «Кыргыз элинин улуу акыны жана төкмөсү Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы» Анкарадагы ТҮРКСОЙдун кызматтык имаратында өттү.

Иш-чарага ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана ыйгарымдуу элчиси Руслан Казакбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев расмий сөз сүйлөөчү катары катышты.

Иш-чарада ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев сөз сүйлөп: «Барпы Алыкулов жараткан искусство кыргыз элине гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө жаккан универсалдуу сапаттарга ээ.

Барпынын ырлары орток Түрк дүйнөсүнүн маданиятынын чагылышы, жалпы эс тутумубуздун көрүнүшү. Анын чыгармачылыгында орун алган адам укугу, сүйүү, эркиндик, адилеттүүлүк сыяктуу универсалдуу темалар Барпы Алыкуловдун жадында дүйнөнү камтыган  философ экендигинин далили. Анадолудагы азчылык салтынын эң ийгиликтүү өкүлдөрүнүн бири Ашык Вейсел болсо, Барпы да ал сыяктуу ырлары менен Түрк дүйнөсүнүн жалпы эсинде өз ордун ээледи.

Орток маданий эс тутумубуздан орун алган жана бул эс тутумдун калыптанышына салым кошкон Түрк дүйнөсүнүн өнөрпоздорун эскерүү, алардын жараткан искусствосунун таанылышын жана жайылышын камсыз кылуу менен алардын унутулбоосун камсыздоо ТҮРКСОЙдун негизги милдеттеринин бири»,-деп айтты.

Андан соң сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Барпы Алыкуловдун көркөм инсандыгына жана анын чыгармаларынын философиялык тереңдигине токтолуп: «Түрк дүйнөсүнүн маданий биримдиги бүгүнкү күндөгү абдан маанилүү зарылчылык. Биз бир тамыр менен азыктанган улуу дарактын бутактарыбыз. Ынтымагыбызды, биримдигибизди, бир туугандыгыбызды бекемдешибиз керек. Режеп Таййип Эрдоган мырза айткандай, 21-кылым түрк дүйнөсүнүн кылымы болот»,-деди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн КР Президентинин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев өз сөзүндө: «ТҮРКСОЙ тарабынан жасалып жаткан иш-чаралар Барпы Алыкуловдун чыгармаларында чагылдырылган жалпы адамзаттык маданий мурастарды сактап калуу үчүн маанилүү. Башкы катчы Султан Раевге ушундай маанилүү иштерди аткарууда демилге көтөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем»,- деди.

Иш-чаранын панелдик бөлүмүндө проф. доктор Сулайман Кайыпов, доктор Якуп Өмероглу, окутуучу,доктор Осман Арыжан жана изилдөөчү Сабырбек Бөрүбай Барпы Алыкуловдун өмүр жолу, көркөм инсандыгы тууралуу баяндамаларын угуучулар менен бөлүштү.

Иш-чара сыйлык тапшыруу жана эстелик тапшыруу аземинен кийин комуз күүсүнөн жана «Манас» эпосунан үзүндүлөр тартууланган соң жыйынтыкталды.



Тектеш кабарлар