Венада искусство сүйүүчүлөргө мюзикл тартууланды

Вена музыкалык жана аткаруу искусствосу университетинин концерттик залында коюлган мюзикл түрк, азербайжан, венгер жана башка улуттун өнөрпоздорунан турган Öst Ensemble музыкалык тобу тарабынан аткарылды.

2106533
Венада искусство сүйүүчүлөргө мюзикл тартууланды

Венадагы Юнус Эмре институту жана Азербайжан маданият борборунун колдоосу менен Австриянын борбор шаары Венада «Балык дастаны» аттуу мюзикл искусство сүйүүчүлөргө тартууланды.

Вена музыкалык жана аткаруу искусствосу университетинин концерттик залында коюлган мюзикл түрк, азербайжан, венгер жана башка улуттун өнөрпоздорунан турган Öst Ensemble музыкалык тобу тарабынан аткарылды.

Азербайжан тектүү ирандык жазуучусу Самед Беренгинин «Кичинекей кара балык» аттуу чыгармасынан алынып чагылдырылган мюзикл, дарыяда жашаган тузсуз суу балыгынын тоскоолдуктарга жана кыйынчылыктарга карабай эркиндик максатына жетүү аракетин баяндайт.

Мюзиклде балыктын окуясы азербайжан түркчөсү жана немис тилинде түшүндүрүлдү.

Ар түрдүү бий көрсөтүүлөрү тартууланган мюзиклде түрк, фарс, македон жана венгр чыгармалары да аткарылды.



Тектеш кабарлар