Махер Заиндин клиби жарыяланды

Ливан тектүү швед мусулман ырчы Махер Заинге таандык "Сүйүктүү Палестина"  (Ya Habiba Ya Falastin)  аттуу чыгарманын клиби санариптик платформаларда жарыялана баштады.

2100507
Махер Заиндин  клиби жарыяланды

Ливан тектүү швед мусулман ырчы Махер Заинге таандык "Сүйүктүү Палестина"  (Ya Habiba Ya Falastin)  аттуу чыгарманын клиби санариптик платформаларда жарыялана баштады. 

Клиби Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан Стамбулда ачылган «Ок өткөрбөгөн кыялдар: газалык сүрөтчү балдар"  аттуу көргөзмөдө  тартылган чыгарма санариптик платформаларда жарыяланды.

Клиптин жарыялангандыгын соцтармактан билдирген Заин колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, коммуникация башкармалыгы жана көргөзмөгө салым кошкондорго өзүнчө орун берди. 

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун да чебер өнөрпоздун жакшы көздөрүнө соцтармактан жооп берди. 

Чыгарманы Палестинада болгон трагедияны балдардын көзү менен түшүндүргөн көргөзмөдө аткаргандыгы үчүн өнөрпозго ыраазычылык билдирген Алтун : "Бул жакшы чыгарманы көргөзмөдө тартуу, Палестинанын үнүн дүйнгө угузуу жактан биз үчүн абдан маанилүү",- деди. 

29-декабрда ачылган газалык балдардын 266 эмгеги орун алган көргөзмөгө 200 миңден ашуун киши келди.

Көргөзмө чет элдик басма сөз өкүлдөрүнүн да көңүлүн бурду.

 

 



Тектеш кабарлар