Нью-Жерсиде "шаардын ачкычы" биринчи жолу түрккө берилди

Патерсон шаарында жашаган ишкер Хүсейин Байрамга шаардын ачкычын мэр Андре Сайех тапшырды.

2092714
Нью-Жерсиде "шаардын ачкычы" биринчи жолу түрккө берилди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Жерси штатында биринчи жолу түрк жаранына жашаган шаардын ачкычы берилди.

Түрк калкы эң жыш жайгашкан Нью-Жерси штатынын Патерсон шаарында жашаган ишкер Хүсейин Байрамга шаардын ачкычы мэр Андре Сайех тарабынан тапшырылды.

Андре Сайех, Патерсон муниципалитетинде өткөрүлгөн расмий аземде Байрамга жашаган шаарга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Аземге АКШ Конгрес мүчөсү Билл Паскрелл, Патерсон шаардык кеңешинин мүчөлөрү жана кээ бир бейөкмөт уюмдардын жетекчилери да катышты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө: «Коомчулуктун көрүнүктүү лидери жана "Торос" ресторандарынын ээси Хүсейин Байрамды шаардын ачкычы менен сыйлап жатабыз. Бул абройлуу сыйлык Байрамдын ишкердик аракеттери жана кайрымдуулукка чексиз берилгендиги аркылуу коомго кошкон зор салымын баалайт»,-деп айтылды.

Билдирүүдө түрк ишкеринин өзгөчө коронавирус (Ковид-19) пандемиясы учурунда 10 миңден ашуун муктаж адамдарга жана Нью-Йорктогу айрым оорукана кызматкерлерине тамак-аш, тез жардам топторуна беткап жана кол каптарды таратканы баса белгиленди.

АКШда штаттын өкмөтүнө караштуу кээ бир муниципалитеттер ишенимге ээ болгон, коомго пайдалуу иш-чараларга катышкан, мыкты ийгиликтерге жетишкен инсандарды жылына бир жолу «шаардын ачкычы» менен сыйлайт.



Тектеш кабарлар