Кыргыз драма театрынын "Былтыркы кар кайда?" аттуу оюну Анкарада коюлду

Анкарада "Токтоболот Абдумомунов" атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын "Былтыркы кар кайда?" аттуу оюну коюлду.

2089504
Кыргыз драма театрынын "Былтыркы кар кайда?" аттуу оюну Анкарада коюлду
Drama 2.jpg
Drama 3.jpg
TÜRKSOY Genel Sekreteri Sultan Raev 1.jpg
TÜRKSOY Drama 6.jpg
TÜRKSOY Drama 9.jpg

16-январдын кечинде Анкара сүрөт жана скульптура музейинин Түрк Ожагы залында  "Токтоболот Абдумомунов" атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын "Былтыркы кар кайда?" аттуу оюну коюлду. 

Оюн СССРдин эл артисти жана Кыргыз ССРнин Эл артисти, "Токтогул Сатылганов" атындагы сыйлыктын ээси, залкар оюнчу, сахнанын жылдызы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналды.

Эске салсак Түрк маданиятын таанытуу уюму ТҮРКСОЙ 2023-жылды "Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын эскерүү жылы" деп жарыялаган жана ага арналып түрк мамлекеттеринин бардыгында ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү. 

Иш-чаранын алкагында Бакен Кыдыкееванын өмүрүн жана чыгармачылык жолун чагылдырган сүрөттөрү камтылган көргөзмө жана Түрк Ожагы залынын фойесинде ТҮРКСОЙдун басылмаларынын стенди ачылды. Башкы катчы Султан Раев жана протокол мүчөлөрү көргөзмөгө чогуу барып, маалымат алышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият министринин орун басары Айнура Аскарова, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин кеңешчиси Азиз Кыштообаев, Түркия Республикасынын Маданият министрлигине караштуу Анкара сүрөт жана скульптура музейинин директору Эркин Йылмаз, көптөгөн мамлекеттик ишмерлер, театр сүйүүчүлөрү жана Анкаранын тургундары менен кыргызстандыктар катышты.

Оюндун алдында сөз сүйлөгөн ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, ТҮРКСОЙ маданиятыбызды, бир туугандык мамилебизди бирге сактап, аны урпактарга жеткирүү жана жайылтуу миссиясы менен ишмердүүлүгүн улантып жатканын баса белгилеп, бул контекстте атактуу Кыргызстандын актрисасы Бакен Кыдыкееванын өнөрүн түрк дүйнөсүнө таанытууга аракет кылып жатканын белгиледи.

 Кыдыкееванын кыргыз театр искусствосундагы маанилүү ролуна токтолгон Раев: “Ал ийгиликтүү театр артисти болгон жана ар кандай ролдорду чебер ойной алган. Комедия, драма, трагедия сыяктуу түрдүү жанрдагы спектаклдерде ийгиликке жетишүү актердун ар тараптуу экенин көрсөтөт.  Мен Бакен Кыдыкеевадан бул өзгөчөлүктөрдү көрдүм”,-деп айтты.

Анкара сүрөт жана скульптура музейинин директору Мурат Йылдырым куттуктоо сөзүндө Түрк тарых конгресси, биринчи түрк операсы "Өзсой" сыяктуу бир топ алгачкы  иш-чаралар өткөн, Республиканын эң маанилүү жыйындары уюштурулган Анкара сүрөт жана скульптура музейинин имараты болгонун жана бүгүн дагы бир маанилүү иш-чараны өткөрүп жатканын айтты. Ал Кыргызстандын белгилүү театр артистин ушул тарыхый имаратта эскерип жаткандыгы үчүн кубанычта экендиктерин билдирди.

Баяндамалардан кийин сахнага чыккан “Токтоболот Абдумомунов” атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери өз өнөрлөрү менен искусство сүйүүчүлөрдүн алкышына ээ болушту.

Драма М.Гапаров жана Г.Гапарованын калеминен жаралып Бакен Кыдыкееванын өмүр жолуна арналган. Ал эми чыгарманын режиссеру Абдыкадырова Динара Жээнбековна, башкы ролдогу оюнчулар Кыргыз Республикасынын Эл артисти Көчөрбаева Жыпариса Абдыкадыровна жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Одуракаев Бусурман Кожокулович.

Сахнадагы драманын урунттуу учурлары көрүүчүлөрдү бирде жылмайтса, бирде ыйлатып, бирде ойлондуруп сезимдерин козгоду. Оюндун аягында театрдын артисттерине ТҮРКСОЙдун сыйлыктары тапшырылды.



Тектеш кабарлар