Бодрумда шокалад музейи туризмге кызмат кылууда

Милас-Бодрум автожолундагы соода борборунда жайгашкан шоколад музейин инженер-механик Онуржан Көксал жана 2014-жылы Бельгиянын шоколад чемпиону, түрк тектүү Бельгия жараны Месут Кырымлы Ковид-19 эпидемиясы учурунда негиздеген.

2081916
Бодрумда шокалад музейи  туризмге кызмат кылууда

Мугланын Бодрум районунда белгилүү кишилердин жана туристтик жерлердин шокаладдан жасалган айкелдери орун алган музей жергиликтүү жана чет элдик зыяратчылардын кызыгуусун тартты.

Милас-Бодрум автожолундагы соода борборунда жайгашкан шоколад музейин инженер-механик Онуржан Көксал жана 2014-жылы Бельгиянын шоколад чемпиону, түрк тектүү Бельгия жараны Месут Кырымлы Ковид-19 эпидемиясы учурунда негиздеген.

Болжол менен 700 чарчы метр аянтта жайгашкан музейде Ататүрктүн 7 тонналык шоколад бюсту, ошондой эле Бодрум чеби, Милас Балталы Капы, Изтузу пляжы, Галикарнас мавзолейи сыяктуу көптөгөн тарыхый жана туристтик жайлардын шоколаддан жасалган миниатюралык айкелдери бар.

Музейде «Галикарнас балыкчысы» лакаптуу Жеват Шакир Кабаагачлы, Зеки Мурен, Картал Тибет, Жан Йүжел, Барыш Акарсу, Эрман Тороглу жана Седа Саян баштаган көптөгөн белгилүү инсандардын шоколаддан жасалган портреттери да коюлган.

3 жылдын ичинде музейге жергиликтүү жана чет элдик 60 миңге жакын адам келди.

 

 



Тектеш кабарлар