41 тарыхый экспонат АКШдан Түркияга алынып келинүүдө

Эмгектердин тапшырылышы үчүн Түркиянын Нью-Йорк башкы консулдугунда азем өткөрүлдү.

2073172
41 тарыхый экспонат АКШдан Түркияга алынып келинүүдө
anadolu tarihi eser boubon burdur.jpg
anadolu tarihi eser boubon burdur.jpg
anadolu tarihi eser boubon burdur.jpg

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) колго түшүрүлгөн Анадолуга таандык 41 тарыхый экспонат Нью-Йоркто түрк жетекчилерине тапшырылды.

Узакка созулган доолордун натыйжасында Түркияга берилишине чечим чыгарылган эмгектердин тапшырылышы үчүн Түркиянын Нью-Йорк башкы консулдугунда азем өткөрүлдү.

АКШдагы кээ бир музейлердин өкүлдөрү жана бир топ америкалык академиктер да катышкан аземде Маданият жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери, Манхэттен райондук прокуратурасы менен биргелешип иш алып баруунун натыйжасында колго түшүрүлгөн Анадолуга таандык 41 маданий байлык тапшырылды.

Тарыхый экспонаттар биздин заманга чейинки 7-кылымдан биздин замандын 7-кылымына чейинки кеңири мезгилге таандык.

Кайтарылган тарыхый экспонаттардын арасында мындан 60 жылдай мурда Бурдурдун Бубон байыркы шаарынан АКШга аткезчилик жол менен алынып кетип ар кандай музейлерге жана коллекцияларга сатылган айрым буюмдар да бар.



Тектеш кабарлар