Кыргызстандык китепканачылар Түркияда

Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы күчтүү маданий кызматташтыктын алкагында TÜRKTAV  катары Ысык-Көлдө өткөн «Ысык Көл: санариптик доордогу китепканалар» симпозиумуна катышкан.

2072704
Кыргызстандык китепканачылар Түркияда
Kırgızistanlı kütüphaneciler Türkiye'de_1.jpg
Kırgızistanlı kütüphaneciler Türkiye'de_2.jpg
Kırgızistanlı kütüphaneciler Türkiye'de_3.jpg
Kırgızistanlı kütüphaneciler Türkiye'de_4.jpg
Kırgızistanlı kütüphaneciler Türkiye'de_6.jpg

Дос жана боордош Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы күчтүү маданий кызматташтыктын алкагында Түрк тарых жана маданият фонду (TÜRKTAV)  катары Ысык-Көлдө өткөн «Ысык Көл: санариптик доордогу китепканалар» симпозиумуна катышуусу болгон. Ал жыйналышты улай Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгына жана кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чаралардын календарын аныкташкан. Бул кызматташуунун алкагында Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан китепкана директорлорунан турган, өзгөчө КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, «Баялинов» атындагы «Кыргыз реставрациясы» Кыргыз долбоор институтунун директору Мукталы Бектеналиев,  Китепканалар жана басылмалар бөлүмүнүн директору Койчуман Момункулов баштаган делегация Анкарага келди. Анын алкагында ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раевдин кеңсесине барып жолугушуу болду. Султан Раев мырза кыргызстандык китепканачыларга ТҮРКСОЙдун 30 жылдыгына арналган түрк дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн медалдарды тапшырды. Жолугушууда Түрк дүйнөсү Отрар китепканасынын календарын жана китепкана тармагында биргелешип иштей турган долбоорлорду аныкталган.

Сапардын экинчи күнүнрдө Кыргыз делегациясы Түркия Республикасынын Президенттик «Миллет» китепканасына барып, китепкананын башчысы Айхан Туглу мырза менен жолугушту. Айхан Тугла «Миллет» китепканасынын иштөө системасын түшүндүрүп, Кыргыз делегациясы менен баарлашты. Китепканачылар «Миллет» китепканасына Кыргыз жазуучуларынын китептерин тапшырып салым кошту жана Түркиянын бай тажрыйбасынан мындан ары да пайдаланууну каалагандыктарын билдиришти.

Андан соң делегация Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигине барып элчи Руслан Казакбаев менен жолугушуп, баарлашышты.

Түрк тарых жана маданият фонду (TÜRKTAV) кеңири географияга тараган, байыркы тарыхы жана маданий цивилизациясы бар түрк улутунун тарыхы жана маданияты жаатында түрдүү долбоорлорду иштеп чыгуу максатында Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарында негизделген. Фонддун максаты - түрк элинин кылымдар бою топтогон маданий эс тутумун жана мурасын улуттук жана эл аралык долбоорлор аркылуу таанытуу жана коргоо жана келечек муундарга жеткирүүгө кызмат кыла турган изилдөөлөрдү жүргүзүү. Фонд ошондой эле ар түрдүү маданияттарга ээ болгон коомдордун жана өлкөлөрдүн ортосундагы маданий байланышты жана кызматташтыкты камсыз кылууну жана колдоону көздөйт.

Түрк Тарых жана Маданият Фондунун (TÜRKTAV) куруучу төрагасы Өмер Низаметтин Акурт, куруучу мүчө, башкы катчысы Асель Лахаева.



Тектеш кабарлар