TRT World Forum 8-9-декабрда Стамбулда өтөт

Ачылышына президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусу күтүлгөн иш-чарада, вице-президент Жевдет Йылмаз жана кээ бир министрлердин маанилүү темаларда билдирүү жасашы күтүлүүдө.

2071054
TRT World Forum 8-9-декабрда Стамбулда өтөт

Түркиянын радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) тарабынан уюштурулган «TRT World Forum 2023» 8-9-декабрь күндөрү Стамбулда «Бирге өнүгүү: Жоопкерчиликтер, аракеттер жана чечимдер» темасы менен өткөрүлөт.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, ушул күнгө чейин көптөгөн өлкөдөн 8500дөн ашуун конок жана 651 баяндамачынын башын кошкон TRT World Forum быйыл академиктер, саясатчылар, бейөкмөт кызматкерлери, аналитикалык борборлордун адистери, бюрократтар жана журналисттерден турган 153 өзүнчө баяндамачынын катышуусу менен дүйнөнүн күн тартибине жарык чачат.

«Бирге өнүгүү: Жоопкерчиликтер, аракеттер жана чечимдер» темасы менен быйыл 7-жолу уюштурулган TRT World Forum 2023 глобалдык көйгөйлөрдү талкуулап, чечимдерди сунуштоону максат кылууда.

Ачылышына президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусу күтүлгөн иш-чарада, вице-президент Жевдет Йылмаз жана кээ бир министрлердин да маанилүү темаларда билдирүү жасашы күтүлүүдө.

Ачылыш сөздөрү, панелдик талкуулар жана адистер менен тегерек стол жолугушуулары боло турган иш-чарага, дүйнөнүн төрт бурчунан жүздөгөн жергиликтүү жана тышкы саясатчы, ишкерлер, академиктер жана журналисттер чогулат.

Стамбулда 8-9-декабрда өтө турган иш-чаранын негизги темаларынын арасында эл аралык коопсуздук, энергетика жана климат, экономика, технология, жасалма интеллект, медиа жана коомдук телерадиоберүү жана саясат бар.

Иш-чарада өткөрүлө турган панелдик талкуу темаларынын арасында «Түркия кылымы көз карашы: система түзүүчү актер катары Түркия», «Израилдин Газа согушу: гуманитардык кризис жана тынчтык перспективалары», «Геосаясаттын кайтып келиши: Жаңы кылымдагы атаандаштыктар жана кайрадан союздаштыктар», «Санариптик доордогу коомдук телерадиоберүү: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр», «Глобалдык экономиканы кайра түзүү», «Акылдуу жасалма интеллект: жаратуучу потенциалбы же кыйратуучу апаатпы?», «Бөлүнгөн/Бириккен Улуттар Уюму: Натыйжалуу көп тараптуулук үчүн иштөө», «Адамзаттын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: социалдык кризистерди жана теңсиздикти чечүү», ошондой эле «Азык-түлүк, суу жана энергетикалык коопсуздуктун критикалык байланышы» бар.



Тектеш кабарлар