Мексиканын улуттук дүйнө маданияттары музейинде "Түркия залы"

ТИКАнын төрагасы Серкан Каялар ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

2068399
Мексиканын улуттук дүйнө маданияттары музейинде "Түркия залы"

Мексиканын улуттук дүйнө маданияттары музейинде, Түркиянын бай тарыхын жана маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган эмгектерди камтыган "Түркия залы", Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) тарабынан ачылды.

ТИКАнын төрагасы Серкан Каялар ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Түркия залынын өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукка жана эки коомдун жакындашуусуна салым кошот деп ишенем. Греция, Кытай, Египет сыяктуу байыркы цивилизацияларга таандык археологиялык, антропологиялык жана этнографиялык экспонаттарды да камтыган бул музейде ТИКАнын колдоосу менен "Түркия залыбызды" ачып, Республикабыздын 100 жылдыгын даңазалап жатканыбызга сыймыктануудабыз»,-деди.

Музейде тарыхтын эң байыркы түзүлүштөрүнүн бири болгон Гөбеклитепеге таандык эмгектерден тышкары тарыхта көптөгөн цивилизацияларга кожоюндук кылган Анадолудагы 13 мезгилге таандык 61 экспонат көргөзмөгө коюлду.



Тектеш кабарлар