Le Trio Joubran Стамбулдагы концертинен түшкөн каражатты палестиналыктарга берет
Палестинанын музыкасын дүйнөгө тааныткан топ 24-ноябрда Стамбулда музыка сүйүүчүлөрдүн алдына чыгат.
Палестиналык үч бир тууган негиздеген "Le Trio Joubran" тобу Стамбулдагы концертинен түшкөн каражатты палестиналыктарга берет.
Палестинанын музыкасын дүйнөгө тааныткан топ 24-ноябрда Стамбулда музыка сүйүүчүлөрдүн алдына чыгат.
Le Trio Joubran концертинен түшкөн каражатты Кызыл Чырым коомуна жана Палестинада дарыланууну күтүп жаткан жаралууларга бере турганын социалдык медиа баракчаларынан жарыялады.
Самир, Виссам жана Аднан Жубран деген бир туугандардан турган топ ушул күнгө чейин 8 студиялык альбом чыгарган.
Эл аралык деңгээлде атын чыгарган топ Париждеги Олимпиядан Нью-Йорктун Карнеги Холлуна чейин ар башка концерттик залдарда миңдеген кишиге концерт берди. Тасманын саундтректерин да жараткан топ 2009-жылы Дубай фестивалында "Эң мыкты композиция" сыйлыгына татыктуу деп табылган.