Түркиянын биринчи некрополдук музейи Антальяда...

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Түркиянын маданият жолу фестивалынын акыркы аялдамасы Антальядагы Чыгыш гаражда Анталья Некропол музейинин ачылышына катышты.

2060549
Түркиянын биринчи некрополдук музейи Антальяда...
Turkiye'nin ilk nekropol muzesi antalya.jpg
Turkiye'nin ilk nekropol muzesi antalya1.jpg
ersoy antalya.jpg

Антальяда Түркиянын алгачкы некрополдук музейи ачылды.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Түркиянын маданият жолу фестивалынын акыркы аялдамасы Антальядагы Чыгыш гаражда Анталья Некропол музейинин ачылышына катышты.

Алгач музейди кыдырган Эрсой билдирүүсүндө дүйнөнүн көп жеринде некрополдук музейлердин бар экенин айтты.

Испания, Италия, Ватикан жана Болгариядагы некрополь музейлерин мисал келтирген Эрсой : «Бүгүн Анталияда Некропол музейин ачтык. Бул Түркиянын биринчи некрополдук музейи. Ал жерде биздин заманга чейинки 3-4-кылымдарга, биздин змандын 5-кылымына таандык мүрзөлөр бар»,-деп айтты.

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан 2008-жылы башталган куткаруу казууларында 866 мүрзөнүн табылганын белгилеген Эрсой, бул жерге ошол убакта некрополдук музей курууга чечим чыгарылганын айтты.

Музейде көргөзмө залдары бар экенин белгилеген Эрсой, сүрөтчүлөрдүн эмгектери фестивалдын боюнда көргөзмөгө коюла турганын белгиледи.

Эрсой музейдин Антальянын маданий байлыгына салым кошо турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар