Битлздин акыркы ыры "Now and Then бейшемби күнү жарыкка чыгат

Ырды 1978-жылы Жон Леннон жазган.

2059452
Битлздин акыркы ыры "Now and Then бейшемби күнү жарыкка чыгат

Битлздин акыркы ыры "Now and Then" бейшемби күнү жарыкка чыгат.

Британиялык The Beatles музыкалык тобу, 43 жыл мурун каза болгон ырчы Жон Леннондун вокалдары жасалма интеллект аркылуу камтылган " Now and Then" ырынын сингл катары чыгууга даяр экенин билдирди.

Ырды 1978-жылы Жон Леннон жазган.

Эми болсо атактуу топтун берки мүчөлөрү Пол Маккартни жана Ринго Старр тарабынан жасалма интеллекттин жардамы менен бүткөрүлдү.

Бейшемби күнү чыгышы күтүлүп жаткан ырдын клиби жума күнү жарыяланат.

Леннондун үнү ырга абдан так чагылдырылганын түшүндүргөн Пол Маккартни: "2023-жылы дагы деле The Beatles музыкасынын үстүндө иштеп, коомчулук укпаган жаңы ырды чыгарууга даярдануу абдан толкундандыруучу",- деди.

" Now and Then" Леннондун өлүмүнөн бир жыл мурун 1979-жылы Маккартни үчүн жаздырылган кассетадагы бир канча ырлардын бири эле.

Жон Леннон, Пол Маккартни, Ринго Старр жана Жорж Харрисон негиздеген "Битлз" тобу 1970-жылы тарап кеткен. Музыканттардын ар бири жеке карьерасын улантышты.



Тектеш кабарлар