Аясофияга зыярат кылган чет элдик туристтерден акы алынат

Стамбулда Ататүрк маданият борборунда өткөргөн маалымат жыйынында Эрсой, Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) туруктуу мурастар тизмесиндеги Аясофия мечитинин реставрациясына токтолду.

2058467
Аясофияга зыярат кылган чет элдик туристтерден акы алынат
ayasofya camii1.jpg

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Стамбулдагы Аясофия мечитине чет элдик туристтердин 15-январдан тарта акы төлөп кирерин билдирди.

Стамбулда Ататүрк маданият борборунда өткөргөн маалымат жыйынында Эрсой, Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) туруктуу мурастар тизмесиндеги Аясофия мечитинин реставрациясына токтолду.

Министр Эрсой ЮНЕСКОнун сунушу менен 2024-жылдын 15-январынан тарта Аясофияда зыяратчыларды башкаруу планына өтө тургандарын баса белгилеп: «Бул башкаруу планында зыяраттын сапаты жана коопсуздугу жогорулайт. Жыштык ар кандай багыттарга бөлүштүрүү менен башкарылат. Көздүн карегиндей сакталган мечитибиз адамзаттын жалпы мурасын коргоого жана жайылтууга багытталган абдан идеалдуу экосистемага кирет»,- деди.

Мечитке ибадат кылуу үчүн келген түрк жарандарынын кире беришинде эч кандай өзгөрүү болбой турганын, азыркы ибадат аянтында ибадаттарын кыла ала тургандарын айткан Эрсой: «15-январдан тарта чет элдик жарандардын туристтик жана маданий максатта зыярат кылуусу үчүн кире бериш дарбазасын өзгөртүп жатабыз./.../ Башкача айтканда, Аясофияга сыйынуу максатында келгендер менен туристтик максатта келгендердин кирүүдө бири-бирине дал келишин алдын алуудабыз», - деди.

Ошондой эле Аясофия тууралуу маалыматтын QR код тиркемеси жана наушник менен 16 тилде бериле турганын кабарлаган Эрсой, Аясофияга келген чет элдик туристтерден 2024-жылдын 15-январынан тарта билет акысы алынарын, түрк жарандарынын ибадат зыяраттарынын болсо бекер болорун айтты.



Тектеш кабарлар