Министр Эрсой немис туризм адистери менен жолугушту

Германиянын алдыңкы туристтик агенттиктеринин бири Шметтерлингдин 2023 конгрессинин алкагында немис туризм адистеринин катышуусу менен Измирдеги Эфес Байыркы шаарында программа уюштурулду.

2054193
Министр Эрсой немис туризм адистери менен жолугушту

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Түркияга келген чет элдик туристтердин арасында Германиянын экинчи орунда экенин айтты.

Германиянын алдыңкы туристтик агенттиктеринин бири Шметтерлингдин 2023 конгрессинин алкагында немис туризм адистеринин катышуусу менен Измирдеги Эфес Байыркы шаарында программа уюштурулду.

Программага катышкан жана катышуучуларга немис тилинде кайрылган министр Эрсой Германиянын Түркиянын эң маанилүү туризм базарларынын бири экенин айтты.

Эрсой Германиядагы бизнес өнөктөштөр менен кызматташууларынын эки тарапка да чоң пайда алып келгенине көңүл буруп: «2023-жылдын 8 айында Түркияга жалпысынан 33,4 миллион чет элдик турист келди. Бул сан өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 пайызга өстү. Январь-август айларын камтыган бул мезгилде Германиядан биздин өлкөгө 4,1 миллион саякатчы келди»,-деди.

Эрсой өз сөзүндө Стамбул менен бирге Измир менен Бодрумдун да Мишелин гидине киргенине көңүл буруп, бул жол көрсөткүчтүн 9-ноябрда Стамбулда боло турган аземде жарыялана турганын билдирди.

Түркиянын Глобалдык Туруктуу Туризм Кеңеши (GSTC) менен өкмөттөр аралык келишимге кол койгон биринчи өлкө болгонун белгилеген Эрсой, программанын негизинен жайгаштыруу объектилерин камтыган акыркы этабынын 2030-жылы ишке кирерин белгиледи.



Тектеш кабарлар