ТРТнын Республиканын 100 жылдыгына арналган атайын иш-чаралары жылдырылды
Кечеңдетилген концерт, шоу жана башка иш-чаралардын датасы кийинчерээк белгилүү болот.
2051441
Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (ТРТ) Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына карата өткөрө турган иш-чаралары «Газадагы адамзаттык трагедиядан» улам башка күнгө жылдырылды.
ТРТнын билдирүүсүндө: "ТРТ, Республиканын 100 жылдыгынын алкагында уюштурула турган жана бардык даярдыктары аяктаган оюн-зоок багытындагы концерт жана шоуларды Газадагы коркунучтуу адамзаттык трагедиядан улам кийинкиге жылдырды»,-деп айтылды.
Кечеңдетилген концерт, шоу жана башка иш-чаралардын датасы кийинчерээк белгилүү болот.