Түркия технология командасы (T3) фонду Бакуда Эл аралык Космос конгрессине катышат

Фонддун билдирүүсүнө караганда конгресске өз стенди менен катыша турган T3 фонду TEKNOFESTте проект чыгарган 500 атаандашын да космостук конгресске алып барат.

2041490
Түркия технология командасы (T3) фонду Бакуда Эл аралык Космос конгрессине катышат

Түркия технология командасы (T3) фонду Азербайжандын борбор шаары Бакуда 2-6-октябрь күндөрүнүн арасында өткөрүлө турган 74-Эл аралык Космос конгрессине катышат.

Фонддун билдирүүсүнө караганда конгресске өз стенди менен катыша турган T3 фонду TEKNOFESTте проект чыгарган 500 атаандашын да космостук конгресске алып барат. Конгресске Түркия технология командасы фондунун камкорчулар кеңешинин төрагасы жана TEKNOFESTтин башкаруу кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар ​​да катышат.

Билдирүүдө темага байланыштуу баа берген Селчук Байрактар: «Азербайжанда 2-6-октябрда космостун тереңдигине сүңгүп, илимий изилдөөлөрүбүздү көрсөтө турган 74-Эл аралык астронавтика конгресси өтөт. Биз ал жерде TEKNOFESTте долбоорлорду чыгарган 500 атаандаш менен болобуз. Асман бизди бардык билинбегени менен изилдөөгө тартып баратканда, бир асман астында Бакуда жолугалы»,-деп айтты.

Берилген маалыматка караганда, бардык глобалдык космостук актёрлор чогулган маанилүү иш-чара катары өзгөчөлөнгөн Эл аралык астронавтика конгресси жыл сайын 6 миңден ашуун катышуучуну кабыл алат.

Бардык космостук секторлорду жана темаларды камтыган программа бардыгына эң акыркы космостук билимдерди жана өнүгүүлөрдү, тармактык мүмкүнчүлүктөрдү, байланыштарды жана академиялык жана өнөр жайдан потенциалдуу өнөктөштүктөрдү сунуштайт.

Эл аралык Космос конгресси жыл сайын өлкөнү, теманы жана жергиликтүү уюштуруучуну өзгөртүп, ар бир адамга дүйнөлүк космостук сахнанын бир бөлүгү болууга мүмкүндүк берет.



Тектеш кабарлар