Chris de Burgh Түркияда концерт берет

Атактуу ырчы концертте, 1970-жылдардан берки унутулгус ырларынан тышкары "The Lady in Red", "Don't Pay the Ferryman", "Missing You" жана "The Traveller" аттуу классикалык ырларын да аткарат.

2037032
Chris de Burgh Түркияда концерт берет

Аргентина тектүү ирландиялык поп рок ырчысы Крис де Бург 26-октябрда Түркияда музыка сүйүүчүлөр менен жолугушат.

Маалыматка караганда, дүйнөлүк музыка рейтингинде биринчиликке көтөрүлгөн ырлары менен акыркы 50 жылдын маанилүү музыканттарынан болгон өнөрпоз, Вигор Санаттын уюштуруусунда Стамбулдагы Лүтфи Кырдар Эл аралык конгресс жана көргөзмө борборунда сахнага чыгат.

Атактуу ырчы концертте, 1970-жылдардан берки унутулгус ырларынан тышкары "The Lady in Red", "Don't Pay the Ferryman", "Missing You" жана "The Traveller" аттуу классикалык ырларын да аткарат.



Тектеш кабарлар