Робби Уильямс Түркияда концерт берет

Түркиядагы алгачкы концертин Бодрумда бере турган Уильямс 17-августта райондогу мейманканада күйөрмандарынын алдына чыгат.

2024399
Робби Уильямс Түркияда концерт берет

Дүйнөгө таанымал англиялык ырчы жана композитор Робби Уильямс 17-августта Мугланын Бодрум районунда музыка сүйүүчүлөр менен жолугушат.

Түркиядагы алгачкы концертин Бодрумда бере турган Уильямс 17-августта райондогу мейманканада күйөрмандарынын алдына чыгат.

Концерт өтө турган мейманкананын сайтында жарыяланган билдирүүдө, мейманканада калгандардын концертке бекер катыша ала турганы, ал эми мейманкананын сыртынан келүүнү каалагандар онлайн сатуу каналдары аркылуу билеттерин ала ала турганы белгиленди.

Ошондой эле концерттик билеттердин 17 миң 600 лирадан сатылганы маалым болду.



Тектеш кабарлар