Эльвира Боянын «Кайра жаралуу" аттуу көргөзмөсү уюштурулду

Сакариянын Хендек районунун «Ататүрк» паркындагы бакыт үйү жана көргөзмө залында, Кыргызстандын Чүй облусунда жарык дүйнөгө келген сүрөтчү Эльвира Боянын «Догуш» (Кайра жаралуу) аттуу жеке көргөзмөсү уюштурулду.

2023916
Эльвира Боянын «Кайра жаралуу" аттуу көргөзмөсү уюштурулду
elvira Boya sergi 2.jpg

Сакариянын Хендек районунун «Ататүрк» паркындагы бакыт үйү жана көргөзмө залында, Кыргызстандын Чүй облусунда жарык дүйнөгө келген сүрөтчү Эльвира Боянын «Догуш» (Кайра жаралуу) аттуу жеке көргөзмөсү уюштурулду.

Көргөзмөгө облустук жана райондук кызматкерлер чакырылып, Хендек муниципалитетинин башчысы Тургут Бабаоглу таттуулар жана жандуу музыканын коштоосунда ачты.

Көргөзмөдөгү сүрөттөрдүн боёкторунун жандуулугу келгендердин жан дүйнөсүн жыргатып, көздүн жоосун алды.  

Көргөзмөдө ар бир картина биздин сүрөтчүнүн жан дүйнөсүнүн жарыгын, жүрөгүнүн үнүн чагылдырган кылдаттык менен тартылган.

Ар бир сүрөттүн алдында муниципалитеттин мэри Тургут Бабаоглунун суктануусу жана сонун комментарийлери болуп көргөзмөгө келген Хендектин элинин ыраазычылыгына ээ болду.

Сүрөтчү Эльвира Боя өзүнүн эмгектерин чечмелөө менен көргөзмөгө коюунун жылмаюусун жана сыймыктануусун башынан өткөрдү.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө Али Имран Байсал менен Фуркан Т.нын өздүк музыкалык тобунун жандуу музыкалары көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдү коштоп турду.

Орусиядан, Мароккодон, Казакстандан келген меймандар бул ыргактын алдында сүрөттөрдү карап өзүнчө кыялданууга батышты.

Ар бир чыгарма сүрөтчүнүн жан дүйнөсүнүн чагылуусу болгону менен ага караган көздөрдүн түрдүү жоромолдору жылмаюу жана кызыгуу менен жүздөрүндө көрүнөт.

Сары, кызгылт сары, кызыл, кызгылт көк жана көк түстөгү тондор басымдуулук кылган чыгармалар, алардын мааниси бар болсо да бири-биринен айырмаланып турат. Кубизм менен импрессионизмдин жолугушуусу болгон ар бир щетка штрихи сөз менен айтып түшүндүрүүгө болбогон өтө терең маанини берип турат. Көзгө түстөрдүн толкунун, акылга суроо белгисин, жүрөккө сүйүү бүчүрлөрүн жана жан дүйнөгө үмүттүн шооласын берген «Кайра жаралуу» көргөзмөсү көрүүгө арзырлык.

Ататүрктүн «Искусство чебери коомдо көп аракет жана окуудан кийин чекесинен биринчи болуп жарыкты сезген адам»,деген сөзүн ырастап тургансыйт көргөзмөдөгү ар бир көркөм чыгарма. Бирок, ар бир адам өзүнүн биринчи сүрөтүн кыялында тартат.

 Биринчи көргөн нерсе- бул анын жан дүйнөсү ага эмнени чагылдырганы. Жана ал сүрөт сөздөргө, обондорго, чиймелерге, түстөргө төгүлөт. Эльвира Боя да өз сүрөттөрүндө кыялын чагылдырган.

Сиз да өз кыялыңызды бекемдөө үчүн көргөзмөгө барууну тандасаңыз ал сиздин жан дүйнөңүзгө жарык чачат...

Чигдем Канария

Сакария, Хендек



Тектеш кабарлар