Бабадагдагы парапландарга чоң кызыгуу

Фетхие районунун акими Юсуф Иззет Караман, райондо деңиз, кум жана күн туризминен тышкары түрдүү спорттук иш-чаралар да өткөрүлөөрүн айтты.

2021382
Бабадагдагы парапландарга чоң кызыгуу

Мугланын Фетхие районундагы Бабадагдан жылдын 7 айында 102 миң 53 параплан учуусу аткарылды.

Өлүдениз конушунда 1965 метр бийиктиктеги Бабадагга жол же асма унаа менен жеткен укмуштуу окуяларды сүйүүчүлөр параплан менен учуп Өлүденизди асмандан көрүү жана болжол менен 2 миң метр бийиктикте кызыктуу учурларды башынан өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Фетхие районунун акими Юсуф Иззет Караман, райондо деңиз, кум жана күн туризминен тышкары түрдүү спорттук иш-чаралар да өткөрүлөөрүн айтты.

Бабадагдын өзгөчө Өлүдениз көрүнүшү менен дүйнөнүн эң мыкты параплан борборлорунун бири экенин баса белгилеген Караман: «Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 82 миң 60 болгон каттамдардын саны быйыл 25 пайыздык өсүү менен 102 миң 53кө жетти. Бабадаг кышында жагымдуу аба ырайы менен параплан жасоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууда. Бул жылы 200 миң каттамга жетиши максат кылынууда»,-деди.



Тектеш кабарлар