Аясофия 3 жылда болжол менен 21 миллион кишини кабыл алды

Стамбул Аясофия-и Кебир мечити ибадат үчүн ачылган 3 жылда 21 миллионго жакын кишини кабыл алды.

2014937
Аясофия 3 жылда болжол менен 21 миллион кишини кабыл алды

Жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көңүлүн бурган Стамбулдагы Аясофия-и Кебир мечити ибадат үчүн ачылган 3 жылда 21 миллионго жакын кишини кабыл алды.

Аясофия-и Кебир мечити-и Шерифтин имамы Бүньямин Топчуоглу 2021-жылы Аясофияга 1 миллион 300 миң киши келгенин айтып: «2022-жылдан тарта негизги келип кыдыруучуларыбызды көрө баштадык. 2022-жылдагы жалпы келгендердин саны 13 миллион 600 миңди түзөт. 2023-жылдын январь-июнь айларына карата 6 миллион турист бар. Бул сан өсүп жатат»,-деди.

Аясофияга бир гана Европа жана батыш өлкөлөрүнөн эмес, араб өлкөлөрүнөн, Орто Азиядан жана Ыраакы Чыгыштан да чоң көңүл бурганын белгилеген Топчуоглу, жакында Индонезиядан абдан олуттуу бир топту кабыл алгандарын да айтты.



Тектеш кабарлар