Түрк өнөрпоздун чыгармалары Ван Гог музейинде көргөзмөгө коюлду

Түрк өнөрпозу Ахмет Эмин Батмандын жер титирөө тууралуу видео инсталляциясы Нидерландиядагы дүйнөгө белгилүү Ван Гог музейинде көргөзмөгө коюлду.

2005719

Ван Гог музейинин  ар бир айдын акыркы жумасы кечинде жаш өнөрпоздорду колдоо жана чыгармаларын өнөр сүйүүчүлөргө тартуулоо максатында өткөргөн "Винсент жумасы" аттуу иш - чаранын негизинде Нидерландиянын борбор шаары Амстердамда жашаган 23 жаштагы түрк өнөрпозу Батмандын  "Memento Diem" аттуу чыгармасына негизги экранда орун берилди. 

Батман чгармасы тууралуу : "Memento Diem - бул жашоону даңазалоо менен өлүмдү эскерүүнүн ортосундагы видео инсталляция.  Каллиграфия, кино жана фотографияны колдонуу менен жараткан чыгарма",-деди.

Чоң жер титирөөдөн кийин жасагандыгын белгилеген Батман : "Максатым адамдарга  өмүр менен өлүмдүн ортосунда турган жерин, кайсы жерде жана кандай позицияны ээлегенин сураштыруу",- деди.

1000ге жакын киши катышкан иш чарада зыяратчылар   түрдүү тармактардагы көркөм чыгармаларды көрүштү.

Тектеш кабарлар