«Салттуу  маданиятты сактаган  аялдар жана балдар» көргөзмөсү

Түркиянын борбор шаары Анкарада 2023 -  жылдын 23 – 24 – 25 -  июнь күндөрү «Салттуу  маданиятты сактаган  аялдар жана балдар» аттуу көргөзмө болуп өттү.

2004463
«Салттуу  маданиятты сактаган  аялдар жана балдар» көргөзмөсү

Түркиянын борбор шаары Анкарада 2023 -  жылдын 23 – 24 – 25 -  июнь күндөрү «Салттуу  маданиятты сактаган  аялдар жана балдар» аттуу көргөзмө болуп өттү.

Көргөзмөдөгү курак, гоблен, сайма, кийизден жасалган буюмдар  келген коноктордун купулуна толуп, чоң кызыгуу жаратты.

Көргөзмө тууралуу «Кут билим» илимий изилдөө, маданият жана тилектештик коомунун жетекчиси Кыял Камчыбекова кенен айтып берди.  

«Маданият багытында да иш алып баруу максатында өткөн жылы Анкарада кыргыздын салттуу маданиятын өнүктүрүү, таанытуу  үчүн иш чараны колго алганбыз. Бул иш чаранын негизинде  Анкара шаарында жашаган кыргыз эже  - сиңдилерге кыргыз кол өнөрчүлүгүн үйрөтүү, балдар үчүн комуз черткенди  үйрөтүү үчүн курстарды ачканбыз. Мына бүгүн ушул иш  -  чаранын жыйынтыгы катары Түркиянын борбор шаарында «Салттуу маданиятты сактаган кыз – келиндер : кыргыз кол өнөрчүлүгү» көргөзмөсүн уюштурдук. Келген коноктор көргөзмөбүздү кызыгуу менен көрүп жатышат.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бизге колдоо көрсөткөн Анкарадагы Кыргыз республикасынын элчилигине, өзгөчө Кубакынчбек Өмүралиев агайыбызга,  каржылык жактан чоң көмөк көрсөткөн Түркиянын ички иштер министрлигинин жарандык коомчулук менен карым  - катнаштар боюнча башкармалыгына терең ыраазычылык билдиребиз. Өзгөчө дагы Кубанычбек Өмүралиев агайыбызга жаңы кызматында чоң ийгиликтерди каалайбыз. Ошону менен бирге кыргыз кол өнөрчүлүгүн үйрөтүп, таанытууга салымын кошуп, бул долбоордо үзгүлтүксүз эмгектенген эже  - сиңдилерге да ыраазычылыгымды билдирем».  

Көргөзмөнүн акырында  комуздун коштоосунда аткарылган ыр  - күүлөр да элдин купулуна толду.

Кыял Камчыбекова  «Кут билим» илимий изилдөө, маданият жана тилектештик коому тууралуу  буларды да кошумчалай кетти :  «Түрк дүйнөсүнүн биримдигин күчтөндүрүүгө карата илимий, маданий жана социалдык  - экономикалык эмгектерди так кадамдар менен жүргүзүүнүн мааниси күн өткөн сайын күчөп баратат. Өзгөчө акыркы жылдарда ортого чыккан абалдар  боордош өлкөлөрдүн карым  - катнаштарын өнүктүрүүгө карата так кадамдардын ташталышынын маанисин дагы бир жолу көрсөттү. Албетте коопсуз жана жаркын бир келечектин жолу илимий принциптердин негизинде жүргүзүлгөн эмгектер менен башталат деп ойлойм.  Ушул максатта «Кут билим» илимий изилдөө, маданият жана тилектештик коомун түздүк. «Кут билим» деп Жусуп Баласагындын «Кут алчуу билим» чыгармасынан алдык. Коомубуз  2021 -  жылы Анкара шаарында кыргызстандык илимпоздор жана Түркиядагы кыргыз таануучулардын колдоосу менен «Кут билим» илимий изилдөө, маданият жана тилектештик коому деп аталды.  Коом түзүлгөндөн тарта эл аралык журналдарды (www.kutbilimjournal.org) чыгарып, эл аралык конференцияларды (www.essasymposium.org) өткөрүп келет.

Коомдун бир негизги максаты да  Кыргызстан  - Түркия жана жалпы эле түрк элдеринин илимий изилдөө, билим берүү, маданият тармагында өнүгүүсүнө, кызматташуусуна салым кошуу, эл аралык деңгээлде билим жана маданият тармагында иш  - чараларды жүргүзүү, Кыргызстандан келген жаш илимпоздорго көмөк көрсөтүү».

 



Тектеш кабарлар