NEXT by TRT World форумунда жасалма интеллект талкууланды

Стамбулда өткөн форумда «The New Frontier: How AI is Revolutionizing Media Content» аттуу панель өткөрүлдү.

2002720
NEXT by TRT World форумунда жасалма интеллект талкууланды

Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (TRT) эл аралык TRT World телеканалы тарабынан уюштурулган «NEXT by TRT World форумунда» жасалма интеллекттин медиа контентине тийгизген таасири талкууланды.

Стамбулда өткөн форумда «The New Frontier: How AI is Revolutionizing Media Content» аттуу панель өткөрүлдү.

Жаффар Хаснайн модератору болгон панелге Google'дун башкы илимий адиси Кэсси Козырков, «Almost» (Дээрлик) медиа уюмунун негиздөөчүсү жана башкы редактору Чо жана  «Goodable» медиа уюмунун башкы аткаруучу директору (CEO) Мухаммед Лила катышты.

Google'дун башкы илимий адиси Кэсси Козырков, адамдардын жасалма интеллектке салыштырмалуу социалдык өз ара аракеттенүү жана идеяларды жаратуу жагынан жакшыраак экенин белгилеп, «Ал көп алектенүүнү талап кылган ишти жакшыраак жана тезирээк аткарат. Ошондой эле маанилүү нерселерге көңүл буруубузга жардам берет»,-деп кошумчалады.

«Дээрлик» медиа уюмунун негиздөөчүсү жана башкы редактору Чо жасалма интеллектти колдонууда ачык-айкындуулуктун маанилүүлүгүн белгилеп, бул технологияны колдонууда этикалык эрежелерди колдонуу керектигин айтты.

«Goodable» компаниясынын башкы директору Лила да адамдар өздөрүнүн дүйнө таанымын чагылдырган маалыматка басым жасоону жактырарын жана жасалма интеллект адамдардын ортосундагы поляризацияны күчөтөт деп корккондугун белгиледи.

Саякатчы жана социалдык медиа феномени Мохамед Алселини «Hitting the Road Differently: The Changing Future of Travel» аттуу панелге баяндамачы катары катышты.

«Google Maps» сыяктуу түрдүү колдонмолордун да адамдардын саякат тажрыйбасын жакшыртканын жана жасалма интеллект аркасында адамдын кызыкчылыгына жараша сунуштарды беришкенин түшүндүргөн Алселини, бул колдонмолордун туризм секторун күн өткөн сайын бир аз алдыга жылдырганын баса белгиледи.

Климаттык активисттер жана эксперттер форумдун «Климаттык тынчсыздануу: Жаштар башка планетаны каалайт/ Climate Anxiety: The Youth Wants a Different Planet» аттуу панелинде «климаттык кризисти» талкуулашты.

Модератору Рейган Дес Виньес болгон панелге климат боюнча активист, Force of Nature уюмунун негиздөөчүсү жана башкаруучу директору Кловер Хоган, Earth Uprising International уюмунун медиа тобунун менеджери Рим Аль Саффар, Black Girl Environmentalist уюмунун негиздөөчүсү Вава Гатеру жана эколог Сейфунми Адеботе катышты.

Force of Nature компаниясынын негиздөөчүсү жана башкаруучу директору Хоган, глобалдык көйгөй болгон климаттын өзгөрүшүнө каршы иш-аракет кылбоо «алсыздыкты» пайда кылат деп билдирди.

Black Girl Environmentalist компаниясынын негиздөөчүсү Гатеру да экологиянын бузулушуна көптөгөн адамдар жооптуу экенин айтты.

Earth Uprising International медиа тобунун менеджери Аль Саффар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин «климаттык кризис» деп сыпаттоо туура эмес экенин айтып, сөз болгон көйгөйдүн пайда болушуна адамдар себеп болгонун белгиледи.

Саффар: «Үмүтүбүздү жоготпостон, биз климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин чечүү жолдорун табууга аракет кылышыбыз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар