Лутонто түрк маданиятынын фестивалы

Лутон Түрк билим жана маданият борбору менен Лутон муниципалитетинин кызматташтыгында шаардын эң чоң паркы Стоквудда салттуу түрк фестивалы уюштурулду.

2001459
Лутонто түрк маданиятынын фестивалы

Англиянын Лутон шаарында «3-Лутон түрк маданият фестивалы» өткөрүлдү.

Лутон Түрк билим жана маданият борбору менен Лутон муниципалитетинин кызматташтыгында шаардын эң чоң паркы Стоквудда салттуу түрк фестивалы уюштурулду.

Быйыл үчүнчү жолу өткөрүлүп түрк жана Осмон маданиятын таанытуу максатын көздөгөн иш-чаранын алкагында Түркиядан барган мехтер тобу жана өнөрпоздор менен жергиликтүү элдик бий топтору сахнага чыгышты.

Фестивалда Осмон чатырлары жана балдар үчүн оюн аянтчалары тигилип, түрк ашканасына таандык тамактар ​​тартууланды.

Лутон Түрк билим жана маданият борборунун жетекчиси Атилла Үстүн фестивалда сүйлөгөн сөзүндө, бул иш-чараны коомчулуктар арасындагы ынтымакты камсыз кылуу максатында уюштурушкандарын айтты.

Үстүн: «Лутондо Түркия таанытылды. Жаңы муун менен Англияда өз маданиятыбызды сактап, чет элдик конокторубузга түрк маданиятын таанытууну каалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар