Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержанга сыйлык...

Хасан Мурат Мержан Twitter баракчасынан билдирүү жарыялады.

1992502
Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержанга сыйлык...

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержан, Америка Кошмо Штаттарынын Балтимор шаарында өткөрүлгөн Түндүк Америка Ислам коомчулугунун (ICNA) 48-конференциясында президент Режеп Таййип Эрдогандын шайлоодогу ийгилигинен улам сахнага чакырылды.

Хасан Мурат Мержан Twitter баракчасынан жарыялан билдирүүсүндө: «Он миңдеген адамдар катышкан ICNAнын жылдык жыйынында президентибиздин кайра шайланганына байланыштуу сахнага чакырылганыма абдан кубанычтамын. Президентибизди чын дилимден куттуктаймын. Аллах колдосун»,-деди.

Мержан бөлүшкөн видеодо конференциянын алып баруучусунун: «Эрдоган шайлоодо жеңишке жетти. Муну майрамдайбыз. Түркиянын элчиси Мержанды сыйлыгын алуу үчүн сахнага чакырам»,-дегени байкалды.

Иш-чарада элчи Мержанга "жогорку жамааттык кызмат" сыйлыгы ыйгарылды.

Түркиянын Вашингтондогу элчилигинин билдирүүсүндө: «Элчи Мержан ICNAнын жогорку жамааттык кызмат сыйлыгы менен сыйланды. 30 000 адам катышкан 48-ICNA жылдык конференциясы америкалык мусулмандардын бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берет»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар