АКШнын Нью-Йорк шаарында «Салттуу түрк күнү парады» өттү

Жаан-чачынга карабай Түрк-Америка коомчулугунун мүчөлөрү Манхэттендин атактуу көчөлөрүн кызыл-акка бөлөштү.

1988764
АКШнын Нью-Йорк шаарында «Салттуу түрк күнү парады» өттү
abd Turk gunu yuruyusu3.jpg
abd Turk gunu yuruyusu2.jpg
abd Turk gunu yuruyusu1.jpg
abd Turk gunu yuruyusu.jpg

АКШнын Нью-Йорк шаарында «Салттуу түрк күнү парадынын» 40-сы өттү.

Жаан-чачынга карабай Түрк-Америка коомчулугунун мүчөлөрү Манхэттендин атактуу көчөлөрүн кызыл-акка бөлөштү.

Жөө жүрүшкө Түрк-Америка коомчулугунун мүчөлөрүнөн тышкары Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Седат Өнал, Нью-Йорктогу башкы консул Рейхан Өзгүр жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Нью-Йорктогу өкүлү Мехмет Дана жана кээ бир коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Жөө жүрүштөн улам видео кайрылуу жасаган Түркиянын Америкадагы элчиси Хасан Мурат Мержан: «Быйыл Республикабыздын 100 жылдыгын белгилеп жатабыз. Башыбыздан өткөн жер титирөө кырсыгынан кийин Американын бүтүндөй булуң-бурчунда жашаган жарандарыбыздын биримдиги жана тилектештиги, боорукердиги, зор сүйүү жана энтузиазм менен жардам алып келүү аракети көзүбүзгө жаш алып келди. Баарыңарга ыраазычылык билдиребиз»,-деди.

Башкы консул Өзгүр да Түрк күнү парадынын Түрк-Америка коомчулугунун биримдик жана ынтымакта иш алып баруусуна жана Америка коомчулугуна үндөрүн жеткирүүсүнө себеп болгонун баса белгилеп: ««Америкадагы түрктөрдүн Америка коомунун маанилүү бөлүгү катары позициясын күн өткөн сайын бекемдеп жатканы мактоого арзырлык»,-деп айтты.

«Салттуу түрк күнү парадынын» алкагында жыл сайын чоң көңүл бурууну тарткан кортежде быйыл 6-февралда болгон жер титирөөдө каза болгон жарандар эскерилди. 11 кара пикаптын үстүндөгү экрандарында жер титирөөдөн таасир алган облустардын ысымдары жана фотосүрөттөрү көрсөтүлсө, түрк жана англис тилдеринде «Түркияга көңүл айтуу» деген жазуулар көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар