Түркиядагы кыргыздар Изникте чогулду

Түркиядагы кыргыздар 7-майда Бурсанын Изник районунда чогулуп ата-бабаларынын арбагына багыштап мал союп, куран окутушту.

1983790
Түркиядагы кыргыздар Изникте чогулду
İznik_Kırgızistanlılar_2.jpg
İznik_Kırgızistanlılar_3.jpg
İznik_Kırgızistanlılar_4.jpg
İznik_Kırgızistanlılar_5.jpg
İznik_Kırgızistanlılar_6.jpg

Түркиядагы кыргыздар 7-майда Бурсанын Изник районунда чогулуп ата-бабаларынын арбагына багыштап мал союп, куран окутушту.

Иш-чараны Стамбул шаарында орун алган Кыргызстан достук жана маданият коому, Изник шаардык муниципалитетинин көмөгү менен уюштурду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова, Кыргыз Республикасынын Антальядагы башкы консулу Рустам Кошонов, Кыргыз Республикасынын Анкарадагы консулу Салтанат Султанова, Изник шаарынын муниципалитет башчысы Каган Мехмет Уста, Элчиликтин жана Башкы консулдуктардын кызматкерлери,  Кыргызстан достук жана маданият коомунун төрагасы Туйгун Эргешов, крууучу жана мурдагы төрагасы Айбек Сарыгулов, коомдун башкы катчысы Садырбек Аширов  жана ошондой эле Анкара, Стамбул, Анталья, Бурса, Конья, Кожаели сыяктуу шаарларынан келген кыргыздар катышышты.

Иш-чарага катышуучулардын алгачкылары бир күн мурда келип мейманканаларга жайгашып, мангалда эт бышырып сагыныч жазышып жакшы маанайда отурушту.

7-май күнү эртең менен Түркиянын ар тарабынан келген кыргыздар «Кыргыздар күмбөзү» орун алган аймакка чогула башташты. Башкы консулдардын келүүсү менен күмбөздөгү курман болгон жоокерлердин сөөгү жаткан жайга куран окутулуп, дуба кылынды. Андан соң ата-бабалардын арбактарына багышталып мал союлуп, бата кылынды.

Күмбөздүн алдына жык-жыйма толгон кыргыздар күмбөздүн алдындагы Кыргыз жоокеринин эстелигинин жанында сүрөткө түшүп жатышты.

Иш-чаранын экинчи бөлүмү Изник көлүнүн жээгиндеги Кайыкхане жана анын сейил багында уланды. Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Руслан Казакбаевдин каалоо-тилектерин окугандан кийин Изник муниципалитети курган шатердун астынан кыргыздын шаңдуу музыкалары жаңырып, Түркиянын ар кайсы аймактарынан келген кыргыз таланттары өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап жатышты.

Бир тараптан кыргыздын палоосу, эти, куурдагы, боорсогу,сорпосу бышырылып жеринде даамдуу тамактар келген конокторго тартууланды. Узун кезекке турган эл кайра жегиси келип тамшангыдай даам тартууланды десек жаңылышпайбыз.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар түрдүү оюн зооктор болуп, бир жакта волейбол ойнолсо, экинчи жакта тестиер балдар селкинчек тээп, чуркап ойношуп жакшы маанайда болушту. Анан аркан тартмай жарышы өткөрүлдү. Аркан тартмайда Анкаранын жигиттери өздөрүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүп, атаандаштарын сүйрөп кетишти. Ал эми Стамбулдун айымдары аркан тартмайда атаандаштарына алдырган жок.

Иш-чаранын аягында бардыгы чогулуп сүрөткө түшүп, бата кылып тарашты.

 

 



Тектеш кабарлар