Стамбул Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору болду

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана Стамбул губернатору Али Йерликаянын кол коюулары менен Стамбул 2023-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору болду.

1982807
Стамбул Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору болду

Стамбул 2023-жыл үчүн Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору болду.

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана Стамбул губернатору Али Йерликаянын кол коюулары менен Стамбул 2023-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору болду.

Стамбулдагы «Ататүрк» маданий борборундагы ачылыш аземге жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын вице-премьер-министри Фикри Атаоглу, Стамбулдун губернатору Али Йерликая, Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы,элчи Кубанычбек Өмүралиев, Азербайжандын жаштар жана спорт министринин орун басары Индира Хажиева, Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Өзбекстандын Сенатынын депутаты, Жаштар саясаты жана спорт министринин биринчи орун басары жана жаштар иштери боюнча агенттигинин башчысы Алишер Садуллаев, Казакстандын маалымат жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси Шерхан Талапов, Венгриянын Башкы консулунун орун басары Вероника Лакатос, Түркмөнстандын Башкы консулдугунун кызматкерлери, Түрк Мамлекеттер Уюмунун мүчөлөрү, байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана ыктыярдуулар катышты.  

Чоң катышуу менен коштолгон азем, Мехтер тобунун көрсөтүүсү жана элдик бийлер менен башталды.

Өзбекстандын байыркы шаары Бухарага өткөн жылы биринчи жолу Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору наамы ыйгарылганын жана Түркия Республикасынын 100 жылдыгынан улам Стамбулдун 2023-жылы түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору болуп тандалганын айткан Мехмет Мухаррем Касапоглу::«Түркия Түрк Мамлекеттер Уюмун абдан баалуу деп эсептейт. Бул чатырдын астында бардык иш-аракеттерди эң ​​күчтүү түрдө ишке ашырууга аракет кылуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар