«TRT Afrika» санариптик кабар каналы эфирге чыга баштады

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, ТРТ жана Африка телерадиоберүү биримдиги тарабынан быйыл биринчи жолу өткөрүлө турган «1-Берүү Саммити» эртең жана 1-апрелде Стамбулда өткөрүлөт.

1967083
«TRT Afrika» санариптик кабар каналы эфирге чыга баштады

Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (TRT) жаңы санариптик кабар каналы «TRT Afrika» эфирге чыга баштады.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, ТРТ жана Африка телерадиоберүү биримдиги тарабынан быйыл биринчи жолу өткөрүлө турган «1-Берүү Саммити» эртең жана 1-апрелде Стамбулда өткөрүлөт.

Саммитке Африка телерадиоберүү биримдигинин өкүлдөрү чогулат.

Эртең баштала турган саммиттин биринчи күнүндө ТРТ тарабынан африкалык журналисттерге тренинг өткөрүлөт.

Тренингге Африканын 16 өлкөсүнөн 23 журналист катышат.

Саммиттин экинчи күнүндө глобалдык кеңейүү планынын бир бөлүгү болгон эл аралык телерадио уюмдары менен Түркиянын үнүн дүйнөгө жеткирүүнү максат кылган ТРТнын, TRT World, TRT Arabic, TRT Russian, TRT German, TRT Français жана TRT Balkan санарип кабар платформасынан кийин курулган TRT Africa дагы таанытылат.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы жана Африка телерадиоберүү биримдигинин улук менеджери Грегуар Нджака ТРТ Африканын ачылыш сөздөрүн сүйлөшөт.

Гамбиядан Мароккого, Нигериядан Камерунга чейин ондогон Африка өлкөлөрүндө активдүү боло турган TRT Afrika континенттин чыныгы имиджин бүт дүйнөгө көрсөтүү миссиясы менен англис, француз, суахили жана хауса тилдеринде обого чыгат.



Тектеш кабарлар