Чанаккале согушунда шейит болгон азербайжандык жоокерлерге эстелик тургузулду

Шейиттер эстелиги жолундагы эстеликтин ачылышында сөз сүйлөгөн Азербайжандын Анкарадагы элчиси Решад Мамедов Азербайжан эстелигинин Чанаккале жарым аралдын эң кооз жеринде, түрк шейиттеринин эстелигинен 500 метр алыстыкта ​​ачылганын айтты.

1961838
Чанаккале согушунда шейит болгон азербайжандык жоокерлерге эстелик тургузулду

Чанаккале (Дарданелл) согушунда 1915-жылдагы салгылашууларда шейит болгон азербайжандык жоокерлердин элесине курулган «Азербайжан эстелиги» ачылды.

Шейиттер эстелиги жолундагы эстеликтин ачылышында сөз сүйлөгөн Азербайжандын Анкарадагы элчиси Решад Мамедов Азербайжан эстелигинин Чанаккале жарым аралдын эң кооз жеринде, түрк шейиттеринин эстелигинен 500 метр алыстыкта ​​ачылганын айтты.

Эстеликтин жаш жана келечектеги муундар үчүн абдан маанилүү экенин белгилеген Мамедов:«Бул эстелик жаш жана келечек муундар үчүн абдан маанилүү.

"100 жыл мурун ийиндеше азербайжан түрктөрү, Крым түрктөрү, Орто Азия түрктөрү, Осмон түрктөрү бул жерди коргоп, бир жерде шейит болушкан. Миллиондогон турист, чет элдик, түрк жарандары, балдарыбыз бул жерди зыярат кылышып, биздин карым-катнашыбыздын, боордоштугубуздун, улут болгонубуздун үлгүсү болгон бул мемориал эстеликтерди алар дайыма көрүшөт. Бул биздин тарыхыбыз, баалуу тарыхыбыз»,-деди.

Маданият жана туризм министрлигинин Чанаккале согуштары жана Гелиболу тарыхый жеринин башчысы Исмаил Кашдемир: «Түркияда жашаган түрктөр менен Азербайжанда жашаган түрктөр эки мамлекет болгону менен чындыгында бир улут. Муну биз ар дайым айтып келебиз. Чынында бул эстелик, бул кооз эстелик, бул боордоштуктун символу катары бардык адамдарга салам берип турат. Бул жерден,түрк жеринен, мекенибиздин бир бурчунан, Чанаккаледен Бакуга, Карабахка салам айтабыз, бүтүндөй түрк аймактарына салам айтабыз. Азербайжан эстелиги менен биздин ортобуздагы байланыштар бекемделет, биздин бир туугандык байланыштарыбыз бекемделет жана бул боордоштук түбөлүккө чейин уланат деген үмүттөмүн».



Тектеш кабарлар