Атактуу өнөрпоздордон жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо

Концерттен түшкөн каражат, 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн жабыркаган Түркия жана Сириядагы жарандар үчүн жумшалат.

1959889
Атактуу өнөрпоздордон жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо
paris sanatcilar deprem destek.jpg
fazil say.jpg

Франциянын борбор шаары Парижде пианист жана композитор Фазыл Сай баштаган көптөгөн өнөрпоздор Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн концерт уюштурушту.

Фондация Де Франс менен биргеликте Париждеги Олимпия концерттик залында өткөрүлгөн «Жер титирөөгө каршы бир жүрөк» аттуу кечеден түшкөн каражат, 6-февралда болгон "кылымдын апааты" деп сыпатталган жер титирөөлөрдөн жабыркаган Түркия жана Сириядагы жарандар үчүн жумшалат.

France 2 телеканалында түз эфирде көрсөтүлгөн концертте пианист Фазыл Сай менен бирге дүйнөгө таанымал өнөрпоздор Гимс, Заз жана Патрик Бруэль сыяктуу көптөгөн ысымдар сахнага чыгып, Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүүгө чакырышты.

Концертке Франциянын маданият министри Рима Абдул-Малак да катышты.

Иш-чарада аймактагы маектешүүлөрдү чагылдырган видео көрсөтүлдү.

Фазыл Сай концертте сүйлөгөн сөзүндө жер титирөөдөн жабыркагандарга токтолуп, концертке катышкан өнөрпоздорго ыраазычылык билдирди. «Түрк жараны катары француз элинин тилектештигин сезип турам»,- деди.

Француз өнөрпоз Заз да Түркияда уюштура турган концертинен түшкөн каражатты берерин айтты.

Көптөгөн адамдар катышкан кечеде чогулган кайрымдуулуктун суммасы 2,3 миллион евро деп жарыяланды.

Кайрымдуулук акциясына салым кошууну каалагандар Фондация Де Франс веб-сайты жана почта аркылуу салым кошо алышат.



Тектеш кабарлар