Палестиналык өндүрүүчүдөн жер титирөө болгон аймакка 15 тонна курма

Жер титирөө болгон аймакка издөө-куткаруу топторун жөнөткөн Палестина жер титирөөдөн жабыркагандарга натуралдык жана акчалай жардамдардар менен катар дуба менен колдоо көрсөтүүгө аракет кылууда.

1947455
Палестиналык өндүрүүчүдөн жер титирөө болгон аймакка 15 тонна курма

Палестиналык бир курма өндүрүүчүсү Кахраманмарашта болгон жер титирөөдө жабыркагандарга жардам берүү үчүн 15 тонна курма жөнөттү.

Оккупацияланган Палестинада 6-февралда эпицентри Кахраманмарашта болгон жана 11 облуска таасирин тийгизген «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн жер титирөөлөрдөн жабыркаган түрк жарандарына тилектештик жана жардам көрсөтүү максатында иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жер титирөө болгон аймакка издөө-куткаруу топторун жөнөткөн Палестина жер титирөөдөн жабыркагандарга натуралдык жана акчалай жардамдардар менен катар дуба менен колдоо көрсөтүүгө аракет кылууда.

Палестиналык курма өндүрүүчү Эмират фирмасы да Түркиядагы жер титирөө болгон аймактарга жеткирүү үчүн 15 миң 600 килограмм курма жөнөттү.

Рамаллада жайгашкан фирманын ээси Мехди Адас курманын азыктык баалуулуктарга бай азык экенине көңүлдөрдү бурду.

Адас:«Хурма тарых бою согуш жана кырсык сыяктуу мезгилдер үчүн маанилүү азык болуп келген. Анткени күрүч же эт жөнөтсө тамак жасаганга шарт жок, аймакта газ, свет жок. Бирок курма менен сүттө адамга керектүү бардык пайдалуу заттар бар. Ал күнү-түнү иштеген издөө-куткаруу топторуна күч берет»,-деп айткан.

«Аталарыбыз бизди унаа же үй эмес, жакшылык кылуу үчүн жарышууга үйрөткөн»,-деп айткан палестиналык ишкер жер титирөөдө каза болгондорго Аллахтын ырайымын жана жаралуулардын тез сакайып кетишин каалады.



Тектеш кабарлар