"Гладиатор" блокбастеринин уландысы келерки жылы чыгат

2000 - жылы режиссёр Ридли Скотт тарткан жана австралиялык актёр Рассел Кроу ойногон "Гладиатор" блокбастеринин уландысы келерки жылы чыгат.

1941951
"Гладиатор" блокбастеринин уландысы келерки жылы чыгат

 2000 - жылы режиссёр Ридли Скотт тарткан жана австралиялык актёр Рассел Кроу ойногон "Гладиатор" блокбастеринин уландысы келерки жылы чыгат.

Paramount Pictures продюсердик компаниясынын билдирүүсүндө тасманын 2024 - жылдын 22 - ноябрында чыгышы пландалганы айтылды.

«Афтерсун» тасмасындагы ролу менен «Оскар» сыйлыгына талапкер болгон актёр Пол Мескалдын башкы ролду алуусу үчүн сүйлөшүүлөрдүн  уланып жатканы белгиленди.

Сценарийи өткөн жылы бүтүп, бирок аты - жөнү тактала элек тасмада Кроу ролун аткарган «Генерал Максимустун» өлүмүнөн кийин эмне болгону баяндалат. Экинчи тасмада Рим императорунун уулу Коммуддун жээни Люсианын жашоосу баяндалат.



Тектеш кабарлар