Элвис Преслинин кызы Лиза Мари Пресли каза болду

Лиза Маринин апасы Присцилла Пресли «People» журналына берген маалыматында : "Кызым Лиза Маринин каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды кайгыруу менен бөлүшөм",- деди.

1932338
Элвис Преслинин кызы Лиза Мари Пресли каза болду

Рок-н-ролл музыкасынын легендарлуу ысымы,  америкалык ырчы Элвис Преслинин жалгыз кызы  54 жаштагы Лиза Мари Пресли жүрөгү кармап каза болду.

Лиза Маринин апасы Присцилла Пресли «People» журналына берген маалыматында : "Кызым Лиза Маринин каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды кайгыруу менен бөлүшөм",- деди.

Америка басма сөзүндөгү кабарларга караганда, Преслини Калифорния штатынын Калабасас шаарындагы үйүнүн уктоочу бөлмөсүндө кызматчысы кыймылсыз абалда тапкан.

Актёр жана музыкант болгон мурдагы жубайы Дэнни Кио тез жардам кызматы келгенге чейин Преслинин жүрөгүнө массаж жасаган.

Жүрөгү токтоп калды деген шек менен ооруканага жеткирилген Пресли бир нече сааттан кийин кийлигишүүгө карабастан каза болду.

Лиза Мари атасы Элвис Пресли каза болгондо 9 жашта болчу.

 



Тектеш кабарлар