Паландөкенде лыжа сезону ачылды

Өткөн сезондо сакталган кар жана жасалма кар менен кээ бир тилкелери даярдалган Паландөкен, Түркияда бул сезондо лыжа тебүү толкуну эң эрте башталган борбор болду.

1918003
Паландөкенде лыжа сезону ачылды
palandoken1.jpg
palandoken.jpg

Түркиянын эң маанилүү кышкы туризм борборлорунун бири болгон Эрзурумдагы Паландөкенде лыжа сезону башталды.

Өткөн сезондо сакталган кар жана жасалма кар менен кээ бир тилкелери даярдалган Паландөкен, Түркияда бул сезондо лыжа тебүү толкуну эң эрте башталган борбор болду.

Сезондун биринчи күнүндө жык-жыйма толгон борборго келген коноктор лыжа, сноуборд, чана тээп ырахат алышты.

Саламаттыкты сактоо жана издөө-куткаруу топтору да борбордо даяр турушат.

Түркиядагы эң узун тилкеге ээ болгон Паландөкен лыжа борбору конокторуна 12 километр үзгүлтүксүз лыжа тебүүнү сунуштайт.

«Натурал», «башталгыч», «орто» жана «мастер лыжачы» деңгээлинде бардыгы болуп 24 тилкеси бар борбордо 10 кресло, 2 телески, 2 бала көтөргүч жана 1 гондола лифттери бар.

Тилке жолдору менен бардык деңгээлдеги лыжачыларды кызыктырган борбордо жасалма кар системасы менен мезгил бою кар жаашы кепилденет.

Аэропорттон 20 чакырым, шаардын борборунан 4 чакырым алыстыкта ​​жайгашкандыктан конокторуна оңой жетүү мүмкүнчүлүгүн берген лыжа борборунда 5,6 километр жарыктандырылган эңкейиштери менен түнкүсүн лыжа тебүүгө болот.



Тектеш кабарлар