«TRT World Citizen сыйлыктары» ээлерине тапшырылды

«TRT World Citizen сыйлыктарынын» 2020 жана 2021-жылдардагы жеңүүчүлөрү сыйлыктарын азем менен алышты.

1911299
«TRT World Citizen сыйлыктары» ээлерине тапшырылды
trt world citizen.jpg
mehmet zahit sobaci.jpg

Түркия радио жана телеберүү мекемеси TРT тарабынан уюштурулган «TRT World Citizen сыйлыктарынын» 2020 жана 2021-жылдардагы жеңүүчүлөрү сыйлыктарын азем менен алышты.

ТРТнын социалдык жоопкерчилик демилгелеринин арасында алгач 2017-жылы «Оң өзгөрүүнү шыктандыруу» принциби менен башталган «TRT World Citizen сыйлыктары» Стамбулда өткөрүлгөн азем менен 5 башка категорияда ээлерин тапты.

Аземде сөз сүйлөгөн ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы сыйлыкка татыктуу болгондордун жакшылык дүйнөсүнө салым кошконун белгиледи.

Учурдагы кылымдын көптөгөн глобалдык сыноолордун, кыйынчылыктардын жана согуштардын караңгы көлөкөсүндө өтүп жатканын белгилеген Собажы Ковид-19 эпидемиясы, азык-түлүк кризиси, глобалдык ысынуу жана энергетика кризиси сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдүн болуп жаткандыгына басым жасады.

«Түркия Россия жана Украина тараптары жолугушкан, маселелер талкууланган жана чечүү жол табылган өлкө жана тынчтык борбору катары бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоодо»,- деген Собажы буларды айтты : «Таасири жаңы эле жок боло баштаган Ковид- 19эпидемиясы процессинде Түркия 150дөн ашуун өлкөгө гуманитардык жана медициналык жардам берди»,- деди.

24 -февралдан бери болуп келе жаткан Россия-Украина согушунда Стамбулдунтараптар жолугушуп, диалог чөйрөсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн бир гана жер болгондугун баса белгилеген ТРТнын башкы директору : «Бул согуштун жыйынтыгы катары чоң азык- түлүк кризисине себеп боло турган дан маселеси урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде ишке ашырылган дан коридору менен чечилди»,- деди.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары тапшырылды.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар