IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызыгуу абдан чоң болду

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн өткөрүлө турган мелдештерден кийин жабылуу аземи менен аяктайт.

1887303
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызыгуу абдан чоң болду
4.dunya gocebe oyunlari.jpg
4.dunya gocebe oyunlari.jpg

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы тарабынан быйыл төртүнчү ирет уюштурулуп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 3 - күн иш-чаралары жыйынтыкталды.

Алгачкы үчөө Кыргызстанда өткөн көчмөндөр оюнунун  төртүнчүсү бул жылы Бурсанын Изник ​​районундагы Изник ​​көлүнүн жээгинде өткөрүлүүдө.

«Салттан келечекке бизбиз!» деген ураан менен уюштурулган Төртүнчү  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 13 тармакта 102 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышууда.

Оюндун үчүнчү күнүндө ат үстүндө жаа атуу,  «алыш» күрөш, «капышмалы» күрөш, көкпар -  көк бөрү, шалвар күрөш жана кураш боюнча мелдештер өттү.

Мелдештер менен бирге 30га жакын салтуу спорт тармагында да шоулар көрсөтүлдү. Бычак жасоо, кафель иштетүү, теспе, салттык ок жана жаа жасоо, каллиграфия сыяктуу тармактарда жасалган буюмдар сатылды.

Жергиликтүү жана чет элдик коноктор маданият жана гастрономия тармактарына чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Оюндардын үчүнчү күнү 200 миңден ашуун жаран келди. Өзгөчө балалуу үй  - бүлөлөр түрдүү иш  - чараларга катышып, дүйнөлүк даамдар стендинде дүйнө ашканасынан даам татуу мүмкүнчүлүгүн табышты. Үчүнчү күн грузиялык музыка тобу Трио  Мандили менен ырчы Мустафа Жежелинин берген концерти менен аяктады.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн өткөрүлө турган мелдештерден кийин жабылуу аземи менен аяктайт.



Тектеш кабарлар