Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну

"2023  - жылдын түрк дүйнөсүнүн жаштар борбор шаары"  наамы Стамбулга берилди.

1887100
Төртүнчү  Дүйнөлүк көчмөндөр оюну
iznik 4. gocebe oyunlari.jpg
iznik 4. gocebe oyunlari.jpg
iznik 4. gocebe oyunlari.jpg
iznik 4. gocebe oyunlari.jpg

Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясы  тарабынан бул жылы төртүнчүсү өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 2 -  күн аяктады. 

Буга чейин үч жолу Кыргызстанда өткөрүлгөн көчмөндөр оюндарынын төртүнчүсү Бурсанын Изник районундагы Изник көлүнүн жээгинде өткөрүлүүдө. 

"Салттан келечекке бизбиз!" деген ураан менен өткөрүлгөн Төртүнчү көчмөндөр оюндарында 13 тармакта 102 өлкөдөн 3 миңден ашуун  спортчу мелдешти. 

Оюндардын экинчи күнүндө ат үстүндө ок атуу, салтуу жаа атуу, мас-рестлинг, ашынган аба күрөш жана май күрөш боюнча мелдештер өттү.

Көчмөндөр оюнунда  спорттук мелдештер менен бирге маданий  иш  -  чаралар да өткөрүлүүдө. 

Оюндар үчүн даярдалган аянттарда кол өнөрлөрү, улуттук буюмдарды таанытуу чатырлары менен прикладдык устаканаларда жарандар маданият жана искусство тармагында түрдүү тажрыйбага ээ болушту.

Ат чабуу, жаа атуу, салттуу балдар оюндары, балдардын сүрөт өнөрканаларында балдар көңүл ачышты.

Сахна бөлүмүндө Арсланбек Султанбеков менен  Кырач бирге концерт берди. Кырач келген конокторго өзүнүн жана түрк музыкасынын сүйүлгөн ырларын тартуулады. Бир тараптан Түрк Мамлекеттери Уюмунун Жаштар жана спорт боюнча жооптуу министрлеринин алтынчы жыйыны өткөрүлдү. 

Жыйында "2023  - жылдын түрк дүйнөсүнүн жаштар борбор шаары"  наамы Стамбулга берилди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар