Таркан Измирде концерт койду
Измирдеги иш-чаралар Тарыхый Кордон Боюда өткөрүлгөн чырактарды көтөрүп жүрүшү менен башталды.
1878262
Белгилүү артист Таркан Измирдин душман баскынынан бошотулушунун 100 жылдыгына карата шаардын Гүндогду аянтында концерт берди.
Измирдеги иш-чаралар Тарыхый Кордон Боюда өткөрүлгөн чырактарды көтөрүп жүрүшү менен башталды.
Иш-чаранын алкагында Измирдин боштондукка чыгышы тууралуу даректүү тасмалар жана элдик бий көрсөтүүлөрү өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында ырчы Таркан концерт берди.
Түрк армиясы 1922-жылы 9-сентябрда гректер басып алган шаарга кирип, душманга акыркы сокку урган жер Измир болгон жана 26-августта башталган Улуу чабуул жеңиш менен аяктаган.
Измирдин боштондукка чыгышы толук эгемендикке жол ачып гана тим болбостон, Анадолунун боштондугунун символу да болуп калды.