Трояда 2300 жылдык кичинекей идиш табылды

Археологдор Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген жана 5500 жылдык тарыхы бар деп айтылган байыркы шаарда жаңы табылгаларга жетүү үчүн иштеп жатышат.

1872471
Трояда 2300 жылдык кичинекей идиш табылды

Чанаккаленин Тевфикие айылынын чегинде жайгашкан байыркы Троя шаарында чоподон жасалган 3 сантиметрлик чакан идиш табылды.

Археологдор Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген жана 5500 жылдык тарыхы бар деп айтылган байыркы шаарда жаңы табылгаларга жетүү үчүн иштеп жатышат.

Байыркы Троялык казуу иштеринин башчысы жана Чанаккале Онсекиз Март университетинин гуманитардык жана коомдук илимдер факультетинин профессору, доктор Рүстем Аслан:"Быйылкы казууларда ушул убакка чейин бизди толкунданткан маанилүү табылгага туш болдук. Биз эллинизм доору деп атаган, болжол менен 2300 жыл мурункуга таандык кичинекей идиш таптык. Мындайга Трояда мынчалык көп кездешпейбиз",-деди.

Рүстем Аслан болжол менен 3 см чоңдуктагы мини казандын Троя үчүн маанилүү табылга экенин белгилеп, мындай деп улантты:"Бул ыйык жайларда акчасы жоктор жана башка курмандык чалууга мүмкүнчүлүгү жоктор ыйык жайларга символикалык түрдө көрсөтүлөт дегенди билдирет. Мындай кичинекейи биринчи жолу Троядагы казууларда кездешүүдө. Башкача айтканда, биз 2300 жылдык, каймана маанидеги эң кичинекей чопо идишке кездештик».

Табылганын Троянын эллинизм доору деп аталган 3-кылымдан бери ыйык жерге айланышынын натыйжасында аймактагы ыйык жерлерге курулган курмандык чалынуучу жай жана насаат аянттарынан чыкканын баса белгилеген Аслан:"Акчасы барлар курмандык чалып, баалуу курмандыктарды чалышат. Акчасы жоктор кичинекей, мини үлгүлүү идиштер менен чоң казандардын символикалык маанисин түшүнүшөт",-деп айтты.



Тектеш кабарлар