Индия желек рекордун багындырды
Индияда 15-август Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар улантылууда.
1867609
Индиянын Пенжаб провинциясындагы Чандигарх шаарынын тургундары тарабынан жасалган алп Индия желеги Гиннесстин рекорддор китебине кирди.
Индияда 15-август Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар улантылууда.
Чандигарх (Пенжаб) шаарындагы крикет стадионунда 5885 студент өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 75 жылдыгынын алдында Индиянын ири желегин жасашты.
Ири желек Гиннес рекордун жаңыртып жатканда, иш-чарага катышкан Гиннестин рекорддор китебинин реферинин расмий өкүлү Свапнил Дангарикар рекордду тастыктады.
Бириккен Араб Эмирликтери 2017-жылы 4130 адамдан турган желек рекордуна ээ болгон.