ТРТ Балкан санариптик кабар платформасы эфирге чыга баштады

Анкарада өткөрүлгөн ТРТ Балкандын тааныштыруу жыйынында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы сөз сүйлөдү.

1844300
ТРТ Балкан санариптик кабар платформасы эфирге чыга баштады
trt balkan 4.jpg
trt balkan 3.jpg
trt balkan 1.jpg

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (TRT) жаңы санариптик кабар платформасы ТРТ Балкан, аймак калкын жана аймакты түйшөлткөн маселелерди глобалдык масштабда чагылдыруу максатында эфирге чыга баштады.

Борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн ТРТ Балкандын тааныштыруу жыйынында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы сөз сүйлөштү.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Шентоп Балкандагы 7 өлкөгө 5 тилде жете турган ТРТ Балкандын берүүлөрүнүн пайдалуу болушун каалады.

Шентоп Түркия менен Балкандардын орток мурасын медиа жана билим менен келечекке алып баруунун алар үчүн идеал жана идеалдардын эң улуусу экенин баса белгилеп: «Билим берүү мекемелерибиз жана ТРТ Балкан аркылуу Балкандагы түрк жана мусулман боордошторубуз менен бардык байланыштарыбызды мындан ары да бекемдейбиз деп ишенем»,-деди.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун ТРТ Балканга узун жана ийгиликтүү берүүлөрдү каалап:«ТРТ Балкандын да президентибиздин жетекчилигинде өлкөбүздүн эл аралык аренада адилеттүүлүк күрөшүндө маанилүү ролду ойной турганына жана Балкан аймагында адилеттүүлүк күрөшүнүн алып жүрүүчү элементтеринин бири болоруна ишенем. Ошондой эле ТРТ Балкандын эл аралык аренада Балкан аймагынын күчтүү үнү болоруна ишенебиз»,-деди.

Алтун ТРТ Балкандын аймактагы чындыктарды тышкы күчтөрдүн эмес, аймактык актерлордун көзү жана оозу менен бүт дүйнөгө жеткире турганын айтты.

ТРТнын башкы директору Собажы дүйнөнүн көптөгөн аймактарында башка тилдерде өткөргөн платформаларына ТРТ Балканды кошкондугу үчүн кубанычта экендиктерин белгилеп: «Балкандагы медиа атаандаштык бир топ татаал. Мындан тышкары, кара үгүт иштери ачык сезилген, кандуу террордук уюм ФЕТӨ сыяктуу структуралар таасир чөйрөсүн түзүүгө аракет кылган платформа сөз болууда. Негизги маалымат каражаттары бир жактуу кабарларды жана мазмундарды чыгарышып, дезинформация менен аймактын элине таасирин тийгизүүгө аракет кылган аймакта,  көп тилдүү санарип кабар платформасын түзүү менен биз бул буйрукка каршы турабыз»,-деп айтты.

Аймак калкын жана аймакты түйшөлткөн маселелерди глобалдык деңгээлде чагылдыруу максатын көздөгөн жаңы санариптик кабар платформасы ТРТ Балкан македон, албан, босния, хорват жана серб тилдеринде эфирге чыгат.

ТРТ Балкан аймактык тилдерде сүйлөгөн 30 миллиондон ашык аудиторияга кайрылат.



Тектеш кабарлар