THY "Түркиянын эң нарктуу бренди" деп тандалды

Brand Financeтин 2022-жылдагы «Түркиянын эң баалуу бренддери» изилдөөсү аяктады.

1839971
THY "Түркиянын эң нарктуу бренди" деп тандалды

Эл аралык бренд баалоо агенттиги Brand Finance тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө Түрк аба жолдору катары менен 5-ирет Түркиянын «Эң баалуу бренди» аталды.

Brand Financeтин 2022-жылдагы «Түркиянын эң баалуу бренддери» изилдөөсү аяктады.

THY басма сөз кызматы тарабынан жасалган билдирүүдө THY 2018, 2019, 2020 жана 2021-жылдардагыдай тизмеде биринчиликти алганы, THYнин бренд наркынын 1,6 миллиард доллар деп аныкталганы белгиленди.

Билдирүүдө, глобалдык авиация тармагына таасирин тийгизген Ковид-19 пандемиясына карабастан асманда да бренддер арасында күчтүү позицияны көрсөткөн THYнын мурунку жылдардагы ордун сактап бешинчи жолу катары менен бул сыйлыкка ээ болушу маанилүү ийгилик экени айтылды. 



Тектеш кабарлар